Шайлоо учурундагы талаш-тартыштарды чечүү боюнча саясий партиялар окуудан өтөт

Жазылуу
Тренингдин катышуучуларына автоматташтырылган урналарды кантип колдонуу керектиги да көрсөтүлөт.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо учурунда болуучу талаш-тартыштарды чечүү боюнча саясий партиялар үчүн тренинг уюштурат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Биринчи-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сарпашев: шайлоонун шайтан оюндары ЖКга ыплас жол менен келүүнү каалагандарга керек
Окутуу 2-сентябрда өтөт. Анын программасында шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү, саясий партиянын каржылык отчету жана шайлоо боюнча талаш-тартыштарды жөнгө салуу методдору камтылат.

Күзүндө боло турган парламенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы 14 саясий партияны каттоого алды. Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрда өтөт.

Ошондой эле, тренингдин катышуучуларына автоматташтырылган урналарды кантип колдонуу керектиги да көрсөтүлөт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0