БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Нарын облусуна иш сапары менен кетти. Ал иш сапардын жүрүшүндө Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушу менен жеринде таанышат деп билдирди өкмөттүн маалымат кызматы.
Ошондой эле, Бишкек – Нарын – Торугарт автожолунун оңдоо иштери жана Нарын шаарында курулуп жаткан Борбор Азия университетинин курулушу менен таанышат.
Муну менен катар Нарын шаарындагы ички жолдордун абалы жана курулуп жаткан социалдык объекттерди көрөт.