БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. ЕАЭБге кирүү менен бажы чендери 1,7 эсе өскөнүн экономика министри Олег Панкратов Sputnik агенттигине билдирди.
Бүгүн Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы бажы тосмолору алынат. Бул салтанаттуу иш-чарага жеринен Кыргызстандын премьер-министри Темир Сариев жана Казакстандын премьер-министринин биринчи орун басары Бахытжан Сагинтаев катышат. Ал эми эки өлкөнүн президенттери Чолпон-Ата шаарынан телекөпүрө аркылуу чек аралардын ачылышына күбө болот.
"12-августтан тарта Бирдиктүү бажы тарифи күчүнө кирди. Буга чейин орточо бажы тарифи 5,3 пайыз болгон болсо, азыр ал 9 пайызга барабар", — деди министр.
Панкратов билдиргендей, Россиянын Дүйнөлүк соода уюмуна киргенден кийин бажы тарифтери 7,6 пайызга чейин төмөндөйт.
"Товарлардын 166 түрүнө биз жеңилдик алдык. Аларга коюлган чендер ЕАЭБ бирдиктүү тарифинен төмөн", — деп кошумчалада министр.
Экономика министринин маалыматына ылайык, Кыргызстан 130 мамлекет менен беш миң товардын түрү боюнча соода-сатык кылат.
ЕАЭБ — 2015-жылдын 1-январынан тарта евразиялык интеграциянын алкагындагы Россия, Казакстан жана Белоруссия кирген Бажы Биримдигинин негизинде түзүлгөн экономикалык биримдик. Азыр бул уюмга Армения да мүчө.