Салттуу ушу боюнча кыргызстандык спортчулар эл аралык турнирге катышат

© Sputnik / Игорь Михалев / Медиабанкка өтүүУшу. Архив
Ушу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытайда өтө турган мелдешке Кыргызстандын атынан беш адам барат.

БИШКЕК, 10-июль — Sputnik. Салттуу ушу боюнча кыргызстандык спортчулар Кытайда өтө турган эл аралык Цзяо-Цзон турнирине катыша турганын Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы кабарлайт.

Ушунун "тайцзи цюань" түрү боюнча мелдеш 19-25-август күндөрү өтөт.

Кыргызстандын атынан турнирге Наталья Нещерет, Элес Көкүмбек кызы, Антон Вершинин, Лилия Токтарова жана Бакыт Орозалиев катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0