Эгиздер Юсуп менен Зулайканын ата-энеси — кыргыздар. Алар Тажикстандан 10 жыл мурун көчүп келген. Эгиздер аябай ачык жана шайыр балдар. Юсуп карындашынан жарым саат улуу. Балдар быйыл төртүнчү классты аякташты. Алар үч тилде мыкты сүйлөйт, бийлегенди жана ырдаганды да жакшы көрүшөт. Юсуп чоңойгондо милиционер, Зулайка дарыгер болгусу келет.

Эгиздер Юсуп менен Зулайка — Тажикстандан көчүп келген кыргыздардын балдары.

Юсуп Зулайкадан жарым саат улуу. Ал чыйрак жана акылдуу бала.

Зулайка — Юсуптун түгөйү. Бир тууганынан айырмаланып, ал кыялкеч жана жоош кыз.

Зулайка менен Юсуп айыл мектебинин төртүнчү классын бүтүрдү

Зулайка кошуна балдар менен бирге сабак окуп жатат.

Достору менен бирге Зулайка менен Юсуп айыл четинде сейилдегенди жакшы көрүшөт.

Ата-энесинин тыюу салганына болбой, эгиздер каналдын суусуна түшкөндү жакшы көрөт.

Ата-энесинен жашырынып, балдар чатырда ойногонду жакшы көрүшөт. Ал жерде чабалекейдин балдарын да карашат.

Жашынмак — эгиздердин дагы бир жакшы көргөн оюну.

Эгиздердин атасы балдарына селкинчек жасап берген.

Бир туугандардын эң чоң тилеги — борбор калааны көрүү.