00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Максимальный репост
Как помочь ребёнку найти баланс между играми и развитием?
12:08
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Будь в курсе
Новый институт и 280 мест на юриспруденции — КРСУ рассказывает о реформе и приёмной кампании
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Сердце и жара: как пережить лето гипертоникам - беседа с кардиохирургом
14:04
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана жаштар: Кыргызстанды кимдер дүйнөгө таанытат?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Рафтинг в Сибири и дикие животные в Бишкеке — зоотехник «ЗооБишкека» о форуме и работе реабилитационного центра
16:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Дени сак бала — тынч ата-эне: күчтүү иммунитеттин сырлары
17:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Особый акцент
Любой с доверенностью мог прийти в суд вместо вас — почему Кыргызстан ужесточает требования к юридическим представителям
18:06
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
8 мин
Туяк
Кыргыз улуттук кийим маданиятын өнүктүрүүгө жана сактоого салымы чоң — Айдай Асангулова
19:09
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Хроническая конфликтность - Кубат Рахимов о новом мировом порядке без правил
20:06
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
8 мин
Ачык кеп
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана жаштар: Кыргызстанды кимдер дүйнөгө таанытат?
21:09
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Чыңгыз Айтматов. Кайрылуу" деп аталган төрт томдук китеп сатыкка чыкпайт

© Фото / Айымкан Кулукеева"Чыңгыз Айтматов. Кайрылуу" деп аталган төрт томдук китеби
Чыңгыз Айтматов. Кайрылуу деп аталган төрт томдук китеби - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атактуу жазуучунун бул чыгармалар жыйнагы ал дүйнөдөн өткөндөн кийин Россияда жарык көргөн алгачкы ири басылма болду.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Чыңгыз АЙтматовдун көркөм прозасынын "Чыңгыз Айтматов. Кайрылуу" деген аталышта Россияда басылып чыккан төрт томдук жыйнагы сатылбайт деп билдирди бейшембиде Кыргызстандын РФтеги элчилигинин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева.

Берлиндин Гумбольдт университетинде Айтматовдун чыгармачылыгына арналган иш-чара өттү
Анын айтымында, Москвада Рудомино атындагы Бүткүл россиялык мамлекеттик чет элдик адабияттар китепканасында 13-май күнү Россия менен Кыргызстандын катышуусундагы Чыңгыз АЙтматовдун көркөм прозасынын төрт томдук жыйнагынын бет ачары өттү.

Салтанатта китепти басып чыгарууну демилгелеген КРдин РФтеги элчиси Болот Жунусов жана Россия-Кыргыз ишкердик кеңешинин төрагасы Иван Поляков чыгып сүйлөштү. Жыйнак дипломатиялык өкүлчүлүктүн, аталган китепкананын жана Россия-Кыргыз ишкердик кеңешинин ортосундагы үч тараптуу меморандумга ылайык жарык көрдү деп билдирди маалымат катчысы.

"Меморандумда каралгандай, бул төрт томдук жыйнак белек түрүндөгү басылма жана ал сатыкка чыкпастан, Россия менен Кыргызстандын жана бир катар чет өлкөлөрдүн китепканаларына, уюмдарына берилет", — дейт Кулукеева.

Ал атактуу жазуучунун бул чыгармалар жыйнагы ал дүйнөдөн өткөндөн кийин Россияда чыккан алгачкы ири басылма болгонун айтты.

© Айымкан КулукееваСалтанатта Россия-Кыргыз ишкердик кеңешинин төрагасы Иван Поляков чыгып сүйлөдү
1/2
Салтанатта Россия-Кыргыз ишкердик кеңешинин төрагасы Иван Поляков чыгып сүйлөдү
© Айымкан КулукееваАтактуу жазуучунун бул чыгармалар жыйнагы ал дүйнөдөн өткөндөн кийин Россияда чыккан алгачкы ири басылма болду.
2/2
Атактуу жазуучунун бул чыгармалар жыйнагы ал дүйнөдөн өткөндөн кийин Россияда чыккан алгачкы ири басылма болду.
1/2
Салтанатта Россия-Кыргыз ишкердик кеңешинин төрагасы Иван Поляков чыгып сүйлөдү
2/2
Атактуу жазуучунун бул чыгармалар жыйнагы ал дүйнөдөн өткөндөн кийин Россияда чыккан алгачкы ири басылма болду.

Татарстандын эл акыны Ренат Харисов, Россия парламентинин депутаттары Владимир Семагин жана Дмитрий Носов, Москва мамлекеттик Университетинин профессору Марклен Коңурбаев жана башкалар Айтматовдун көп кырдуу чеберчилигин, анын жеке инсандык зор касиеттерин жана чыгармачылыгы азыркы замандын гана эмес, болочок муундар үчүн да маанисин жоготпой турганын баса белгилешти.

Кеченин аягында "Саманчынын жолу" чыгармасынан кыргызча үзүндүнү россиялык театр жана кино актриса Жаңыл Асанбекова окуп берди, ал эми "Кыямат" романынан орус тилиндеги үзүндүнү Москванын "Бенефис" театрынын актеру Евгений Любимов аткарганын кошумчалады Кулукеева.

Жаңылыктар түрмөгү
0