Кыргызстанда алгач ирет тартылып жаткан комикстин каарманы Алтай — Ала-Тоонун сырларын ачып, башка планеталардан келген терс каармандарга каршы чыккан, футболду сүйгөн мектеп окуучусу. Ал чоң атасынан калган ташты таберик катары сактап жүрөт. Балалык кыялында анын чоң күчкө ээ кендигине терең ишенет.

Айбек Жураев Стэн Линин "Комиксти кантип тартыш керек" деген китебин окуп жатат.

Долбоордун башкы сүрөтчүсү Нурлан Токтали уулу.

Кыргыз элдик уламыштардын Кара Дөө баш болгон каармандары башка планеталык баскынчыларга каршы күрөштө.

Балдар төртүнчү серияны талкуулап жатышат.

Эскиздер.

Алмаз Султанбай: "Айрымдары Алтайды мени карап тартышкан деп жатат, бирок бул жалган".

Душман менен кармашуу: жандуу көрсөтүү.

Жураев жасаган калкан Макаров тапанчасынын огуна туруштук бере алат деп болжошот.

Bulut Studio командасынын чыгармачыл жигиттери.