Такырбашев: союлган эшектердин эттери сатылбастан, муздаткычтарда сакталып турат

© Sputnik / Табылды КадырбековМуздаткычтагы эшектердин эттери
Муздаткычтагы эшектердин эттери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көп чуунун башы болуп жаткан эшектин эттери Бишкек шаарынын эки аймагында муздаткычтуу кампада сакталып тургандыгын айткан "Кой-Тал" ишканасынын жетекчиси, аны элге тарап кетти деген маалыматты четке кагууда.

Бишкек, 27-фев. — Sputnik. Кыргызстанда касапканада эшектердин союлуп, этинин соодаланышы боюнча коомчулукта чоң талкуу жүрүүдө. Бүгүн Сокулук районундагы Ак-Жол айылында жайгашкан эшектерди сойгон жайдын жанында бул көрүнүшкө нааразы болгон тараптардын митинги өттү. Алар эттердин эл тамактанган жайларга тарап кетти деп нааразы болуп, бул боюнча катуу чараларды көрүүнү талап кылышты. Чогулгандар, алардан 605 эшектин союлган этин көрсөтүүнү, аларды өрттөө зарылдыгын айтышты.

Эшек сойгондорго каршы митингге чыккандар: биздин эшектер уурдалууда
Эшектердин этин союп, экспорттоп жатабыз деген "Кой-Тал" ЖЧКсынын өкүлдөрү буга чейин экспортко кетиргенге даярдап койгон 605 эшектин эти, муздаткычтарда сакталып тургандыгын билдиришкен. 

Алар Sputnik маалымат сайтына коомдук тамактануу жайларына тарап кетти деген маалыматтар чындыкка дал келбегендигин айтып, муздаткычтуу бөлмөдө сакталып турган эттерди көрсөтүштү.

Бишкек шаарынын түндүк тарабында жайгашкан көчөлөрдүн бириндеги кеңири короодо жайгашкан чакан имаратка кирдик. 

"Биз экспортко деп даярдап койгон эттер шаардын эки жериндеги муздаткычтуу кампаларда сакталып турат. Ал эми коомдук тамактануучу жайларга тарап кетти деген чындыкка дал келбейт. Учурда биз айткан 605 туш сакталууда. Биринчи кампада, бул жерде 400гө жакыны тоңдурулуп турат. Сиздер көрүп турган бул эттерди бузулуп кетпеши үчүн 40 градус суукта сактайбыз. Бул арестке чейинки (10-февраль – ред.) эттер. Бул жакка болжол менен январдан тарта ташып келе баштаганбыз… анан Финансы полиция арест салып, иш токтоп калды", — деди "Кой-Тал" ишканасынын жетекчиси Алмазбек Такырбашев. 

Ал дагы 200гө жакыны шаардын Интергельпо көчөсүнүн аймагындагы муздаткычтуу кампада сакталып тургандыгын кошумчалады.

Эт эки бөлмөгө сакталып, бир бөлүгү ак чүпүрөк менен оролуп, бир бөлүгү жабуусуз кармалып турат.

"Оролбой турган эттерди таразага тартып жетише элек болчубуз, ошол боюнча турат", — деди ишкананын кызматкерлеринин бири Алишер.

Сакталып турган эттерди көрүү үчүн райондук деңгээлдеги Сокулук районун акиминин орун басары Алмазбек Таштемиров менен ар кыл кызматтардын өкүлдөрү кошо жүрдү. 

Сокулук районунун Ак-Жол айылында эшек союлган сарайдын жанында жергиликтүү тургундар митингге чыгып, союлган 605 эшектин этин көрсөтүүнү талап кылышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0