Эшек сойгондорго каршы митингге чыккандар: биздин эшектер уурдалууда

© Sputnik / Табылды КадырбековМитинг против распространения мяса ослов в стране проходит в селе Манас
Митинг против распространения мяса ослов в стране проходит в селе Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сокулук районунун Ак-Жол айылында эшек союлган сарайдын жанында жергиликтүү тургундар митингге чыгып, союлган 605 эшектин этин көрсөтүүнү талап кылышты.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Чүй облусунун Сокулук районунун Ак-Жол айылында эшек союлган сарайдын жанында жарандык активисттер митингге чыкты. Алар "Кайтал" АКтын иштерине нааразы болуп, "Эшектин эттери өрттөлсүн!", "Адамды теңебегиле итке!", "Адал акчабызга арамды сатып жебейли!" "Эшекти сойгондор жазалансын!" деген плакаттарды көтөрүп келишти. 

Дача айылынын тургуну Самара Акматова алардын суу ташып ичкен эшеги уурдалганын айтты.

"Биздин айылдагы эшектер жоголуп жатат. Биз суусу жок жерде жашагандыктан аны эшек менен ташып ичебиз. Аны күнүмдүк турмушта көп колдонобуз. Биздин эшекти уурдап кетишти. Кошунамдын эшеги менен суу ташып атсак аны да уурдап кетти", — деди ал.

Митингге чыккандар "Кайтал" АКтын өкүлдөрүнүн "эшектерди мыйзамдуу сатып алып соебуз" деген сөзүнө ишенбей тургандыктарын айтышып, жергиликтүү бир да тургун "эшегимди саттым" деп айтканын укпаганын белгилешти. 

"Булар эшектерди уурдап келип союп жатат. Жакын айылдарда эшек калбай калды", — дешти алар.

Митингге келген акимчиликтин өкүлдөрү союлган эшектин эттеринин баары мөөрлөнүп коюлганын айтты.

"Учурда эшектин эттеринин баары сакталып турат. Эч бир жакка сатылган жок. Бул боюнча жергиликтүү кызматтын баары кызуу иштеп жатат. Бүгүн укук коргоо органдары аталган иш боюнча жыйынтыкты чыгарат", — деди ал.

Эгер эшек сойгон компаниянын жетекчисинин күнөөсү аныктала турган болсо, ал мыйзам алдында жооп берерин акимчиликтин өкүлү кошумчалады.

Митинг аяктагандан кийин аталган ишти териштирүү боюнча атайын комиссия түзүлдү.

© Sputnik / Табылды КадырбековМитинг против распространения мяса ослов в стране проходит в селе Манас
1/6
Митинг против распространения мяса ослов в стране проходит в селе Манас

2/6

3/6

4/6

5/6

6/6

Эшекти союп этин сатып жатат деген маалымат 24-февраль күнү жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан көрсөтүлгөн.

Бул иш менен алектенген "Кайтал" АКы алардын иши мыйзамдуу экенин айтып, аларга тагылып аткан айыптар негизсиз экенин билдиришүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0