Союлган эшектердин ветеринардык справкасы болгон

© Фото / Расул УсеновПресс-конференция главы фирмы по переработке мяса ослов "Кайтал" Алмаз Такырбашев.
Пресс-конференция  главы фирмы по переработке мяса ослов Кайтал Алмаз Такырбашев. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Манас айыл өкмөтүнө караштуу Акжол айылындагы эшек союлган жай "Кайтал" акционердик коомуна тийиштүү. Коомдун башчысы Алмаз Такырбашев эшек союп сатуу бизнеси мыйзамдын негизинде гана болгонун белгиледи.

БИШКЕК, 25-фев. — SPUTNIK. Коомдук биринчи каналдан айтылган кабарлар чындыкка коошпойт. Эшектин эттери шаардагы кафелерге жеткирилген эмес. Мындай пикирин "Кайтал" акционердик коомунун жетекчиси Алмаз Такырбашев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, бизнестин бул түрү Кыргызстандын бардык мыйзамдарына туура келет.

"Биздин акционердик коом 2006-жылдан баштап иштеп келет. Буга чейин айыл-чарба продукцияларын кайта иштетүү боюнча иш алып барган. 2014-жылдын 14-декабрында Solax Trading LTD түрк компаниясы менен 1 миллион 800 миң долларга 2500 туш үчүн келишим түзгөнбүз. Эшектер 20-январдан баштап союла баштаган. Бүгүнкү күнгө чейин 605 эшек союлду. Алардын эттери азыр муздаткычтарда сакталып турат. Эшектин эттери Гонконгдогу зоопаркка жиберилмек", — деди ал.

Такырбашев ошондой эле, КТРКнын журналисттери Манас айыл аймагындагы Акжол айылында орун алган аталган мал союу жайына мыйзамсыз кирип, бир гана мал союла турган жерди тартып кетишкенин айтты.

"Биз журналисттердин бул аракеттерин биздин аброюбузга шек келтирүү катары баалап, моралдык чыгым төлөп берүүсү боюнча Сокулук райондук сотуна кайрылдык", — деди ал.

"Кайтал" акционердук коомунун юристи Жаныбек Долбаев алардын бизнесине көз арткандар ушундай провокацияларды жасап жатат дейт. Себеби, бул иш абдан кирешелүү.

"Эшектерди союп сатуу бизнесинен эч кандай таштанды чыкпайт. Анын териси, башы, буттары жана иче карындары толугу менен чет жакка сатылат. Түрк фирмасы менен түзгөн келишим да оңой акча эмес. Чакан компания үчүн бул чоң каражат", — деди ал.

"Кайтал" АКтын жетекчиси Алмаз Такырбашев учурда Гонконгдогу зоопаркка жөнөтүлө турчу биринчи партия муздаткычтарда сакталып турганын кошумчалады.

"Биз тууралуу маалыматтардан улам биз биринчи партиябызды жөнөтө албай турабыз", — дейт ал.

Такырбашевдин айтымында, эшектерди союп сатуу боюнча муфтияттан да кеңештер алынган.

"Биз муфтиятка эшектин этин сатып бизнес кылса болобу деп кайрылганбыз. Эгер эт Кыргызстандын ичине жана башка мусулман өлкөлөргө сатылбаса, зоопарктагы жаныбарларга тамак катары берилсе болот деген кеңешин беришкен", — деди ал.

Эксперттин пикиринде эшектин этин жегенге мыйзам тыюу салбайт
Эшектер негизинен түштүк аймактан алынып келинет. "Кайтал" АКы эшектерди сатып алып атканда ветеринарлар тарабынан эч кандай оорусу жок деп берилген справкасын карашат. Ошондой эле айыл өкмөттөрү тарабынан эшек уурдалган эмес деген документи да талап кылышат.

Учурда бир эшектин баасы 2 миң сом болуп, андан 50-60 килограммга чейин эт чыгат. Ич эттери 9 килограммга чейин барат.

Сокулук районунун Манас айылынын аймагынан мурда чочко багылган сарайда эшекти союп саткандар аныкталган. Бул чуулгандуу окуяны журналисттер ачыкка чыгарды. Жергиликтүү гезиттин журналисттери эшектерди союп, аларды устукандап жатканда үстүнөн чыгышкан. Коомдук телеканалдын журналисттери да аталган жерге барып, биринчилерден болуп видеого тартышты.

Маалыматтарга ылайык, эшектин эттери шаардагы тез-татым жайларына жана кытай ашканаларына уйдун жана койдун эти деп жеткирилип турган.

Бул окуя 9-февралда эле катталып, Сокулук райондук милициясы тарабынан кылмыш иши козголгон. Бирок, бул иш Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0