АКШ полициясы ЖМК өкүлү экенин билип туруп Sputnik продюсерине ок чыгарды

© AFP / Michael CiagloПолиция кызматкерлери элди атам деп жатат
Полиция кызматкерлери элди атам деп жатат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Продюсердин билдиришинче, ал полиция кызматкерлерине журналист экендигин бир нече жолу айткан. Мындан тышкары мойнунда пресс-картасы да бар болчу.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. АКШда полиция нааразычылык акцияларын чагылдырып жүргөн Sputnik агенттигинин продюсери Николь Русселдин журналист экендигин билип туруп резина ок менен аткылады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Продюсер окуяны төкпөй-чачпай баяндап берген.

"Мен Ак үйдүн жанында жүргөн элем. Митингчилерге ок атыла баштаган маалда окуяны видеодон көрсөтүү үчүн ал жакка жакындадым. Полиция ошол замат аткылап баштады. Байкашымча, травматикалык граната менен резина окторду колдонушту. Ошондой эле биз тарапка көздөн жаш агызуучу газ чачышып, бардыгыбыз жөтөлдүк", — деген журналист.

Продюсердин билдиришинче, ал укук коргоо органдарынын кызматкерлерине журналист экендигин бир нече жолу айткан. Мындан тышкары, мойнунда пресс-картасы да бар болчу.

"Мен кабарчы дегенимде, полиция "Артка!" деп кыйкырып, катуу үн чыгаруучу гранаталарды ыргыта баштады. Соккунун издери ичим менен санымда калды. Бир нече секундадан кийин кайрадан тартууну улантып жатканымда резина ок менен аткандай болду. Ал жаракаттан бутум көгөрүп, канады", — деп кошумчалады Руссел.

Митинг учурунда офицерлер митингчилер менен тизе бүгүштү - Sputnik Кыргызстан
АКШ: полиция кызматкерлери нааразылыкка чыккандардын алдында тизелеген видео
Жерге жыгылып калган аялга демонстранттардын бири жардам берген.

"Митингчилерге кандай чара көрүлсө, бардык журналисттерге дагы ошондой мамиле болуп жатат", — деди продюсер.

Афроамерикалык жарандын өлүмүнөн кийин АКШда өткөн жумадан тарта нааразычылык акциялары башталып, ал башаламандыкка айланып кетти. Бир нече шаарга коменданттык саат киргизилип, полиция кызматкерлери тартипке көз салганы менен башаламандыктын аягы сууй элек. Ири шаарларда дүкөндөр талкаланып, мародёрлук күч алганын ЖМКлар жазып жатышат.

Ал эми АКШ президенти Дональд Трамп башаламандыкты террорчулук деп сыпаттаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0