08:11 28 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.4683
  • RUB1.0646
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус (161)
346 0 0

"Вектордун" окумуштуулары эки каражат иштеп чыкты. Биринчиси коронавирустун өзүн тапса, экинчиси ал пайда кылган пневмония илдетин аныктоого жардам берет.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Россиядагы колдонуучулардын жана адам жашоосунун жайлуулугун көзөмөлдөгөн федералдык кызматтын (Роспотребнадзор) "Вектор" илимий борборунун кызматкерлери коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы түрүн лаборатория шартында диагноздоо үчүн каражатты жети күндүн ичинде иштеп чыгышты. Бул тууралуу ведомствонун сайтында жазылган.

Роспотребнадзордон билдиришкендей, Кытайда жаңы вирустун пайда болушу менен эпидемиологиялык абал өзгөрө түштү.

"Вектордун" окумуштуулары жаңы вирустун гени тууралуу маалымат пайда болору менен аны лаборатория шартында диагноздоочу эки каражатты иштеп чыгышты. Биринчиси коронавирустун өзүн тапса, экинчиси ал пайда кылган пневмония илдетин аныктоого жардам берет", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле аталган каражаттар вирусту эң алгачкы стадиясында аныктай аларын кошумчалады.

Белгилей кетсек, декабрдын аягында Ухань шаарынын Хубэй провинциясында белгисиз өпкө оорусунун жайылганы байкалган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон.

Учурда Чжэцзян жана Гуандун провинцияларында ондон ашык адам карантинге жаткырылган. Акыркы маалымат боюнча, аталган вирустан Кытайда тогуз кишинин көз жумганы айтылды.

Коронавирус өзүнө отуздан ашык вирусту камтыйт. Алгач ирет 1965-жылы пайда болгондугу байкалган. Адамдардын, үй жаныбарларынын, куш, чочко, ири мүйүздүү малдын саламаттыгын жабыркатат. Оорудан дем алуу органдары, ичеги-карын, нерв системасы зыян тартат.

Кооптуу бул вирустун Кытайдан сырткары Түштүк Корея, Япония жана Таиландга жайылганы айтылууда.

Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус (161)

Тема боюнча

Кытайда тараган жаңы вирус Азияга да жайылышы мүмкүн
Белгилер:
диагноз, коронавирус, Россия, Кытай

ЭҢ МААНИЛҮҮ