Бошонбосоңор, иш козгойбуз! Эстон бийлиги Sputnik кызматкерлерин кантип коркутууда

© Sputnik / Вадим АнцуповРабота ИА Sputnik Эстония
Работа ИА Sputnik Эстония - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы учурда агенттиктин кызматкерлери бир нече ирет күч түзүмдөрүнө “профилактикалык аңгемелешүүгө” чакырылган. Анда “Россия бүгүн” агенттигинен өз каалоосу менен кызматтан кетип калууга кеңеш берген.

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Эстон бийлиги Sputnik Estonia кызматкерлерин 2020-жылдын январь айынан тарта “Россия бүгүн” эл аралык агенттигинен бошонуп кетпесе кылмыш ишин ачууну айтып коркуткан. Бул туурасында агенттиктин маалымат кызматынан кабарлашты.

Журналисттер Полиция жана Чек араны коргоо департаментинен “аларга каршы иш козгоо боюнча түз эле коркутуу болгон” катты алышкан.

Таллин мындай кадамын Евробиримдик 2014-жылы Украинада болгон окуялардан кийин жеке жана юридикалык жактарга салган санкцияларга негиздеди.

“Россия бүгүн” эл аралык агенттиги ЕБдин санкцияларынын эч бир тизмесинде айтылган эмес. Эстония бийлигинин бул кадамдарын кыжырды кайнаткан чектен чыккандык деп эсептейбиз жана БУУ, ЕККУ, Европа Кеңеши, ЮНЕСКО сындуу эл аралык уюмдарга сөз эркиндигин бузган мындай кадамдарга тиешелүү баасын берип, чара көрүүнү талап кылып кайрылабыз. Биздин журналисттердин кесиптик ишмердүүлүгүн аткаруусу үчүн укугун камсыздап бериши керек", —деп айтылат маалыматта.

Акыркы айларда агенттиктин кызматкерлери бир нече ирет күч түзүмдөрүнө “профилактикалык аңгемелешүүгө” чакырылганын айтышты. Анда “Россия бүгүн” эл аралык агенттигинен өз каалоосу менен кызматтан кетип калууга катуулап эле кеңеш беришкен.

“Россия бүгүн” эл аралык агенттигинин аткаруучу директору Кирилл Вышинский РИА Новостиге агенттиктин кызматкерлерине жасалган коркутуп-үркүтүүлөр боюнча президенттин алдындагы адам укуктары боюнча Кеңештин отурумуна бейшемби күнү алып чыгарын айтты.

"Кесиптештеримди эстон бийлигинин ушуга окшогон аракеттерине кандайдыр бир реакцияларын сурайм. Журналисттерге карата алардын кесибине тыюу салган аракеттер экенине негиз бар. Бул саясий буюртма", — деген Вышинский.

Sputnik Эстонияны кантип өлкөдөн чыгарып жатышат

Эстония — Балтика боюндагы Sputnik кеңсеси жана толук кандуу редакциясы бар бирден-бир өлкө. Жамаат 35 кишиден турат, алардын 33ү “Россия бүгүн” агенттигинин эмгек келиши менен иштеген Эстония жарандары. Агенттик ай сайын мамлекеттин бюджетине салык төлөмдөрүн чегерип турат. Бул 30 миң евронун тегерегиндеги сумма.

Балтика мамлекеттери аларга жакпаган журналисттер менен кантип күрөшүүдө. Видео - Sputnik Кыргызстан
Балтика мамлекеттери аларга жакпаган журналисттер менен кантип күрөшүүдө. Видео
“Россия бүгүн” эл аралык агенттиги менен RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян Sputnik эч качан эч бир жерде Эстониядагыдай маселеге тушукпагандыгын айтты. Аларда иштегендерди Коопсуздук кызматы суракка чакырган, ал эми жергиликтүү банктарга агенттик менен кызматташууга тыюу салынган. Октябрдын аягында эл аралык банктык топтордун Эстониядагы филиалы Sputnik Эстонияга которулган каражаттарды тоңдуруп салган. Ал – айлыктар, салыктар жана ижара акчалары эле. Ал эми имаратын арендага берген тарап келишимди бир тараптуу бузган.

Балтика боюндагы өлкөлөрдүн бийлиги россиялык ЖМКлардын, анын ичинде “Россия бүгүн” эл аралык агенттигинин ресурстарынын ишине бир нече жолу бут тосуп, тоскоолдук жараткан. Россия ТИМинен аталган иштер Вильнюстун, Таллиндин жана Риганын координацияланган багыты экендигин айткан. Бул аракеттер демократия жана сөз эркиндигинин прициптерин карманабыз деген алардын билдирүүлөрүнүн иш жүзүнө кантип ашып жатканынын айкын мисалы экендигин баса белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0