Дүйнөдөгү эң чоң аэропорт ишке берилди. Видео

© Правительство Пекина / Медиабанкка өтүүКытайдын Пекин шаарына жакын жерде курулган дүйнөдөгү эң чоң "Дасин" аэропорту. Архив
Кытайдын Пекин шаарына жакын жерде курулган дүйнөдөгү эң чоң Дасин аэропорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Беш жыл мурда башталган "Дасин" аэропортунун курулушу 30-июнда аяктаган. Ал Пекин шаарынын түштүгүндө, калаадан 46 чакырым алыстыкта жайгашкан. Жаңы аба майданда учуп-конуучу төрт тилке бар.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Кытайдын Пекин шаарына жакын жерде курулган дүйнөдөгү эң чоң "Дасин" аэропорту ишке берилди. Бул тууралуу Кытайдын ЖМКлары жазды.

​Башында аэропорт 30-сентябрдан тарта ишке берилери айтылган. Бирок жергиликтүү басылмалардын жазашынча, аэропорт алгачкы каттамдарды 25-сентябрдан тарта кабыл алат.

Аба майданын куруу долбоорунун жетекчиси Ли Цзяньхуа SkyTeam альянсына кирген бардык авиакомпаниялар жаңы аэропортко көчөрүн билдирген. Ал эми Star Alliance биримдигине кирген авиакомпаниялардын учактары "Шоуду" аэропортуна конуп турат.

Осмотр нового здания аэропорта в городе Кербен Аксыйского района - Sputnik Кыргызстан
Аксыдагы "Кербен" аэропорту учактарды кабыл алууга даяр
Белгилей кетсек, беш жыл мурда башталган "Дасин" аэропортунун курулушу 30-июнда аяктаган. Ал Пекин шаарынын түштүгүндө, калаадан 46 чакырым алыстыкта жайгашкан. Жаңы аба майданда учуп-конуучу төрт тилке бар. Бир жылда 620 миң каттамды кабыл алууга кудурети жетет. Ал эми 2025-жылга карата аэропорт 72 миллион жүргүнчүнү тейлей алат. Андан сырткары, ушул эле мөөнөттө жыл сайын 2 миллион тонна жүктү кабыл алып, жөнөтүүгө жөндөмдүү болот.

"Дасин" аэропорту дүйнөдөгү эң ири аба майданы деп табылды. Анын чатыры болоттон жабылган эң чоң конструкция. Башкача айтканда, 25 футбол талаасынын аянтына барабар. Анын чатырын иштеп чыгууга дүйнөгө белгилүү архитектор жана дизайнер Заха Хадид катышкан.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0