Мун Чжэ Ин Түштүк Кореянын жаңы президенти болду

© REUTERS / STRINGERИзбранный президент Южной Кореи Мун Чжэ Ин
Избранный президент Южной Кореи Мун Чжэ Ин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түштүк Кореянын демократиялык партиясынын 64 жаштагы өкүлү Мун Чжэ Инге 13,4 миллион адам добуш берген.

БИШКЕК, 10-май. — Sputnik. Мун Чжэ Ин Түштүк Кореянын президенти болуп шайланып, дароо өз милдетин аткарууга киришкендиги тууралуу РИА Новости жазды.

Выборы президента Франции - Sputnik Кыргызстан
Францияны 39 жаштагы эң жаш президент башкарат
Ал шайлоодо шайлоочулардын 41,08 пайызынын добуш алгандыгын аталган өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн эртең менен билдирди.

Бул органдын расмий сайтындагы маалыматка караганда, Түштүк Кореянын демократиялык партиясынын 64 жаштагы өкүлү Мун Чжэ Инге 13,4 миллион адам добуш берген.

Эркин Кореянын консервативдик партиясынын лидери Хон Чжун Пхө 24,03 пайыз, Элдик партиянын өкүлү Ан Чхоль Су — 21,41 пайыз добушка ээ болду.

Кореянын тарыхында Пак Кын Хе импичменттин айынан президенттиктен кол жууган алгачкы президент. Ал мамлекеттин ишине досу Цой Сун Силди аралаштырган деп айыпталган. Цой Сун Кореядагы ири компаниялардан пара алганы айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0