Россияда COVID-19га каршы вакцина алгандар ооруканадан чыкты. Видео

Жазылуу
Коронавируска каршы россиялык вакцинаны сыноого биринчилерден болуп катышкан ыктыярчылар Бурденко атындагы госпиталдан үйүнө чыкты.

Медиктер сайылган вакцина алардын организмине кандай таасир берерин 28 күн бою байкап турушту. Вакцина коопсузбу, органдарга зыяны жокпу деген нерселерди көзөмөлгө алышты. Ооруканадан чыгар алдында бардык ыктыярчылардан кандын анализин алганда организм ооруга туруштук берген антителолорду иштеп чыга баштагандыгы жана ооруга каршы иммунитет пайда болгондугун көрсөттү.

Анткен менен адистер инфекцияны жеңдик деп кубанууга али эрте экендигин, препарат өзүнүн натыйжалуулугун көрсөтүшү керектигин айтышты. Келерки этапта окумуштуулар эмдөө алган адамдарда пайда болгон иммунитет канчага чыдаарын текшеришет.

Россия COVID-19га каршы дары жана тесттерди дүйнөлүк рынокко алып чыгууга даяр

Аны менен катар эле препаратты өндүрүүнү баштоо маселеси да курч турат. Адистердин айтымында, вакцинаны чыгаруу Саламаттык сактоо министрлиги жактыргандан кийин бир нече айдан соң гана барып башталат.

Бурденко атындагы Аскер госпиталынын терапия бөлүмүнүн жетекчиси Светлана Волчихина төмөнкүлөрдү айтып берди.

"Эки топтон турган ыктыярчылардын бир тайпасы биринчи компонентти, дагы башка тобу экинчи компонентти алган. Кечээ, 28 күндөн кийин, алар чыкты. Бактылуу жана көңүлү ток болуп үйлөрүнө кайтты. Иммунитети бар, антителолор иштелип чыгууда, эми алар коронавирустан алыс болушат, себеби коргонушту", — деген ал.

Келишим менен кызмат өтөгөн Юрий аттуу ыктыярчы оюн төмөнкүчө билдирди.

"Эми коркунучтуу эмес, толук 100 пайыз коопсузбуз. Мындан кийин коркпой чыга берсек болот", — деген ал.

Россия коронавируска каршы дагы бир дары чыгарды. Мүнөздөмөсү

Сеченов атындагы Дарыларды клиникалык жактан изилдөө борборунун жетекчиси Елена Смолярчук мындай дейт:

"Вакцина өз алдынча жалгыз турганда кооптуу болушу мүмкүн деген нерселер айтылып келет. Ал эми биз вакцина сайгандар татынакай эле жашап жатпайбы, эч жамандыкка кабылган жок. Азыр эл негизги — вакцина коопсуз экендигин укса дейм", — деди Смолярчук.

Дагы бир ыктырячы Наталья Агеева кандай болгонун айтып берди.

"Чынын айтканда, мага чын эле вакцина салдыңарбы деп сурадым. Себеби болор-болбос ооруткандан башка эч нерсе байкаган жокмун. Башка органдарыма терс таасирин тийгизгени сезилбей, ал тургай дене табым да көтөрүлгөн жок. Вакцинаны 18-июнда эртең менен сайгандан бери өзүмдү жакшы эле сезип келе жатам", — деди ыктыярчы.

COVID: авифавирди амбулатордук түрдө колдонууга уруксат суралууда

Смолярчук эгерде вакцинанын майнаптуу болгону далилденсе, башкаларга, элге да сайылышы үчүн чыгарыла баштаарын айтты. Эми пайда болгон иммунитеттин канчага чыдай турганын аныктоо милдети турат. Бул келерки 30 ыктыярчы кошулгандан кийин башталат.

Сеченов университетинин Салттуу медицина жана биотехнологиялыр институтунун директору Вадим Тарасов кийинки иштерге даярдык кызуу жүрүп жатканын айтты.

"Албетте, министрлик бардык маалыматтарды карап чыгат. Ал эми биз андан аркы сунуштарды жана буйрукту күтөбүз. Дагы бир учур — технологиялык бөлүгү. Ал өндүрүштү киргизүү. Көп сандагы вакцинаны чыгаруу өтө көп мээнет, түйшүктүү эмгекти талап кылган татаал нерсе экендигин түшүнүшүбүз керек. Менин билишимче, бул үчүн түзүлгөн компаниялардын өндүрүш технологиясын машстабдуу кылыш үчүн азыр кызуу иштеп жаткан кези. Буга канча убакыт кетерин билбейм, бул суроо мага эмес. Бирок алар эң жакынкы арада, эң тез дегенде бир нече айдан кийин башталат", — деди Тарасов.

Россиянын коронавируска чыгарган дарылары менен вакцинасына Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму кызыгып жатканы буга чейин маалымдалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0