БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Ош облусунда катталган жол кырсыгынан аял жана беш жаштагы бала каза болгонун аймактык милициядан билдиришти.
Жол кырсыгы 29-июлда түнкү саат 3.00 чамасында Ош — Исфана трассасында Sprinter Mercedes Benz машинасы катуу ылдамдыкта баратып жүк ташуучу MAN автоунааны барып сүзгөн.
"Алдын ала маалымат боюнча үй-бүлө башчысы катуу ылдамдыкта баратып, алдында кетип бараткан жүк ташуучу машинаны сүзгөн. Кырсык болгон жерде 34 жаштагы аялы жана 5 жаштагы баласы каза болгон. Эки айдоочу тең ооруканага жеткирилген", — деп айтылат маалыматта.
Машина айып короого токтотулуп, тергөө амалдары башталды.