Айпери, Жоламан бар. Акчалай сыйлык алган спортчу, машыктыруучу, дарыгерлер

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЦеремония вручения государственных наград призерам и участникам XXXII Олимпийских игр в Токио
Церемония вручения государственных наград призерам и участникам XXXII Олимпийских игр в Токио - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2021
Жазылуу
Кыргызстандын спортуна салым кошкондорго Манас ордени, Даңк медалы, Ардак грамота, Алкыш баракчалары да тапшырылды.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынан медаль алган спортчулардан тышкары Кыргызстандын курама командасынын айрым мүчөлөрүнө да акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Иш-чара "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өттү.

Акчалай сыйлангандар:

  • Айсулуу Тыныбекова (балбан) — 10 миллион сом;
  • Акжол Махмудов (балбан) — 10 миллион сом;
  • Мээрим Жуманазарова (балбан) — 7 миллион сом;
  • Нурбек Изабеков (машыктыруучу) — 8 миллион 150 миң сом;
  • Мейрамбек Ахметов (машыктыруучу) — 2 миллион 500 миң сом;
  • Азат Эркинбаев (машыктыруучу) — 3 миллион 300 миң сом;
  • Байгазы Кенжебаев (машыктыруучу) — 4 миллион 500 миң сом;
  • Улукбек Карачолоков (машыктыруучу) — 2 миллион 750 миң сом;
  • Айпери Медет кызы — 1 миллион сом;
  • Бактыгүл Алишева (Спорттук медицина борборунун дарыгери) — 1 миллион 500 миң сом;
  • Бекдөөлөт Расулбеков (оор атлетчи) — 1 миллион сом;
  • Жоламан Шаршенбеков (балбан) — 1 миллион сом;
  • Өмүржан Молдодосов (машыктыруучу) — 500 миң сом;
  • Чынарбек Изабеков (машыктыруучу) — 1 миллион 750 миң сом;
  • Түгөлбай Базакечев (машыктыруучу) — 1 миллион сом;
  • Константин Еремич (Спорттук медицина борборунун улук укалоочусу) — 1 миллион 500 миң сом;
  • Акбаралы Жамалдин уулу — 1 миллион сом;
  • Камбар Токтоналиев (машыктыруучу) — 300 миң сом;
  • Руслан Капаев (машыктыруучу) — 100 миң сом;

Кыргызстандын спортуна салым кошкондорго Манас ордени, Даңк медалы, Ардак грамота, Алкыш баракчалары тапшырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0