Рональд Куман "Барселонага" кайра келди. Бул сапар машыктыруучу катары

© AFP / SERGEI GAPONГолландиялык Рональд Куман. Архив
Голландиялык Рональд Куман. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
57 жаштагы футбол адиси менен клубдун ортосундагы келишим 2022-жылдын 30-июнуна чейин түзүлдү. Куман башкы машыктыруучулук кызматка Кике Сетьендин ордуна келди.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Голландиялык Рональд Куман Испаниянын "Барселона" клубуна башкы машыктыруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган команданын сайтында айтылганын РИА Новости жазды.

57 жаштагы футбол адиси менен клубдун ортосундагы келишим 2022-жылдын 30-июнуна чейин түзүлдү. Куман башкы машыктыруучулук кызматка ушул дүйшөмбү күнү отставкага кетирилген Кике Сетьендин ордуна келди.

"Барселона" 2019-20-жылдагы сезондо Испания чемпионатын экинчи орунда жыйынтыктап, өлкө кубогу мелдешинин чейрек финалында утулган. Өткөн аптада УЕФАнын Чемпиондор лигасынын чейрек финалында Германиянын "Бавария" клубуна 2:8 эсебинде утулуп, беттештен четтеген.

Бул Кумандын Барселонага экинчи ирет кайтышы. Ал футболчу катары аталган клубда 1989-1995-жылдары ойноп, төрт жолу Испания чемпионатын, бир ирет УЕФАнын Чемпиондор лигасын жеңип алган. 1998-1999-жылдар аралыгында каталондук команданын ошол кездеги башкы машыктыруучусу Луи ван Галдын штабына кирген.

Криштиану Роналду эзелки атаандашы Лионель Мессинин клубуна өтөбү?

Кийинчерээк ал лиссабондук "Бенфика" (Португалия), испаниялык "Валенсия", голландиялык ПСВ, АЗ, "Фейенорд" жана "Аякс", ошондой эле англиялык "Саутгемптон" жана "Эвертон" командаларын жетектеген.

2018-жылдан бери Рональд Куман Нидерланд (Голландия) улуттук курама командасын машыктырып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0