БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. UFC уюмунун 57 килограмм салмактагы чемпиону Валентина Шевченко UFC on ESPN+ 14 турниринин алкагында маек берип жатып Аманда Нуньес менен үчүнчү беттеши тууралуу айткан. Бул туурасында MMA Junkie жазды.
"Азыр Аманда менен Сайборгдун реваншынын болушу кыйындап баратат. Эмне болорун көрө жатарбыз. Бирок мен Аманда менен үчүнчү жолу беттешүүнү ойлоп жатам. Аны азыр мен же ал деле каалап жаткан жок, бирок биз баары бир октагондон жолугушубуз керек. Азырбы же кийинби, билбейм, беттешебиз. Бул чечилип калган нерсе", — деген кыргызстандык мушкер.
Нуньес болсо жыл башында Шевченкону утуп, үч салмакта (57, 61, 65) UFC чемпиону болууну көздөп жаткандыгын айткан.
Кыргызстандык мушкер 10-август күнү (Бишкекте 11-августка караган түнү) Уругвайдын борбору Монтевидео шаарында UFC Fight Night турниринин алкагында америкалык Лиз Кармуш менен беттешет.