17:09 18 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8300
  • EUR77.7592
  • RUB1.1348
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
446 0 0

Финалдык кармашта Кыргызстан Тажикстандын командасы менен кез келген.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Россиянын Сергиев Посад шаарында Чыңгыз Айтматовдун кубогу үчүн көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш болуп, анда Кыргызстандын "Атуул" командасы биринчи орунду багындырды. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.

Турнир 2020-жылы жарыялана турчу Кыргызстан менен Россиянын кызматташтык жылына даярдык катары өткөрүлгөн.

Мелдеш Евразия жана Россиянын "Русский мир" аталышындагы III дене тарбия этнофестивалынын алкагында болгон. Ага Кыргызстандан тышкары Тажикстандын, Өзбекстандын жана Россиянын спортчулары катышкан.

Жарым финалда өлкөнүн "Атуул" командасы Россиянын спортчулары менен кез келип, каршылаштарын 17:4 эсеби менен утуп алган. Ошондой эле жарым финалда Тажикстан менен Өзбекстандын улакчылары ойноп, жеңиш 3:2 эсеби менен тажик тарапка берилген.

Финалдык кармашта Кыргызстан Тажикстанды 7:1 эсеби менен утуп, Чыңгыз Айтматовдун кубогуна жана сыйлык катары унаага ээ болушкан.

"Атуул" командасында славян тектүү кыргызстандык балдар ойноп келет. Команда быйыл түзүлүп, алдыңкы турнирлерге катышып келе жатат.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от "Атуул" командасы (@kokboru_atuul_official)

Турнирдин максаты — кыргыз-орус мамилелерин чыңдоо, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскерүү жана көчмөн элдин оюну болгон көк бөрүнү жайылтуу экендиги белгиленген.

Тема боюнча

Каныбек Жолчубеков кызуу кармашта Жоламан Шаршенбековду жеңди. Видео
"Бөрүлүнүн" капитаны, көк бөрүчү Эмил Бекбердинов көз жумду
Белгилер:
унаа, кубок, Көк бөрү, Чыңгыз Айтматов, Россия, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ