00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Туяк
Сахнаны гана эмес, аялдык бакытын да аздектеген Асылкүл Набиева
19:08
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
8 мин
Будь в курсе
Велосипед вместо автомобиля: хватает ли Бишкеку велоинфраструктуры?
20:09
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров Кыргыз мамлекеттик циркинин жаңы директору Нурлан Конокбаевди кабыл алып, мекеменин ишин жакшыртуу, ички пикир келишпестиктерди жоюу жана эмгек тартибин чыңдоо боюнча тапшырмаларды берди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Мамлекет башчы жаңы жетекчиге кыска мөөнөттө жамаатта жагымдуу атмосфераны калыбына келтирип, цирктин натыйжалуу иштешин камсыз кылууну тапшырды. Ошондой эле чет өлкөлүк цирк топторун тартууга жана көрсөтүүлөрдүн түрүн кеңейтүүгө көңүл буруу керектигин белгиледи. Президенттин айтымында, узакка созулган ички пикир келишпестиктер цирктин толук кандуу иштешине тоскоолдук кылган. Ал мекеме чыр-чатактардын эмес, чыгармачылыктын, артисттердин кесиптик өнүгүүсүнүн жана үй-бүлөлүк эс алуунун борбору болууга тийиш экенин айткан. Жолугушууда цирктин учурдагы абалы жана аны мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.Нурлан Конокбаев — Кыргызстандын кулуну, Кыргыз улуттук консерваториясынын режиссер-хореограф адистиги боюнча бүтүрүүчүсү. Ал Казакстандын жараны жана чыгармачылык чөйрөдө эл аралык кесиптик тажрыйбага ээ.
Кепилденген буйрутмалар болмоюнча Кыргызстан толук кандуу өндүрүүчү мамлекетке айлана албайт. Бул тууралуу Стратегиялык жана академиялык изилдөөлөр институтунун өнүктүрүү боюнча директору Кубат Рахимов билдирди. Анын айтымында, Бажы союзу түзүлүп жатканда "жарым өткөргүч" принциби каралган: Европадан, АКШдан, Япониядан, Түштүк Кореядан технологияларды киргизип, Кытайдан, Түркиядан жана Индиядан келген импортту чектөө керек эле. Бирок 2022-жылдан бери бул принцип иштебей калды, Батыштын технологияларына жана капиталдарына жол жабылып, Кытай Россиянын стратегиялык союздашына айланды."Инвесторлор Кыргызстанда автотетиктерди, коммерциялык унааларды, автобустарды чыгарууга даяр. Бирок ЕАЭБ импортко чектөөлөрдү киргизбесе, Кытай менен атаандаштыкта мындай бизнес бат эле күйүп кетет", — деди Рахимов.Ал ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү жана байкоочу мамлекеттердеги долбоорлорду каржылоо үчүн Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондун евразиялык фондго айландырууну же ЕАӨБдүн ишин союздун конкреттүү долбоорлоруна байлоону сунуштады.
Бишкекке дагы 50-60 мектеп куруу зарыл. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.Анын айтымында, Бишкектин мектептериндеги орундар болгону 120 миң окуучуга ылайыкталган. Бирок учурда 270 миң бала билим алып жатат.“Быйыл эле борбор калаага сырттан 12,8 миң окуучу келген. Бир класста норматив боюнча 30-36 бала окушу керектигин эске алганда, шаарга дагы 50-60 мектеп куруу зарыл”, — деди министр.
Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында залкар манасчы, Кыргыз Республикасынын эл артисти Уркаш Мамбеталиевдин бюсту ачылды. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына ылайык, бюсттун ачылыш аземине мамлекеттик жана маданият ишмерлери, ошондой эле манасчынын кызы катышты. Айкелди скульптор Тамила Маматова жасаган. Уркаш Мамбеталиев 1934-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талды-Суу айылында төрөлгөн. Ал 1962-жылдан тартып Кыргыз улуттук филармониясында манасчы болуп эмгектенип, 44 жылын кыргыздын руханий мурасын жайылтууга арнаган. Анын эмгеги Кыргыз Республикасынын эл артисти наамы жана III даражадагы «Манас» ордени менен бааланган.
Жаңылыктар түрмөгү
0