00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
9 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
РКӨФ Бишкектеги мектептердин бирин кеңейтүүгө 3 млн. доллар бөлдүМосквада Стенин атындагы эл аралык фотосынактын жеңүүчүлөрү сыйланатКыргызстандыктар Open Doors аркылуу Россияда акысыз окуй алышат
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду Бишкектеги “Светоч плюс” мектебин жаңылоого жана кеңейтүүгө 3 миллион доллар бөлдү. Жаңы окуу корпусу 450 окуучуга ылайыкталган. Анда физика жана химия боюнча заманбап жабдылган кабинеттер, лабораториялар, ошондой эле информатика жана робототехника класстары каралган. Мектепте STEM багытындагы сабактарды тереңдетип окутууга өзгөчө басым жасалат.Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында 60 жумуш орду түзүлдү. "Иштеп жаткан мезгил аралыгында фонд билим берүү тармагындагы 54 долбоорго 25 миллион доллар бөлгөн. “Светоч плюс“ долбоору — билим берүүнү өнүктүрүүгө кошулган дагы бир салым", — деп белгиледи РКӨФ башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков.
Чет элдик абитуриенттер Россиянын жогорку окуу жайларында акысыз билим алуу мүмкүнчүлүгүн берген Open Doors эл аралык олимпиадасына 1-ноябрга чейин каттала алышат. Олимпиаданын жеңүүчүлөрү жана байгелүү орун ээлери акысыз билим алуу менен катар жогорулатылган стипендия, жатакана, авиабилет жана ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу түрүндө гранттык колдоо ала алышат. Бул мүмкүнчүлүк медициналык адистиктерге жайылтылбайт. Бишкектеги «Русский домдун» жетекчиси Альберт Зульхарнеев белгилегендей, олимпиадага катышуу жана Россия өкмөтүнүн квотасы аркылуу тапшыруу — өз алдынча программалар. Абитуриенттер эки мүмкүнчүлүктү тең пайдалана алышат, бирок кошумча гранттык колдоо Open Doors олимпиадасынын катышуучуларына гана берилет.
Бишкекте өтө турган KYRGYZSTAN EXPO – 2026 жана EXPO EURASIA KYRGYZSTAN – 2026 эки эл аралык көргөзмөгө Россиядан 100гө жакын компания катышып, энергетика, мунай-газ өнөр жайы, металлургия, машина куруу, курулуш, транспорт, химия өнөр жайы жана агроөнөр жай комплекси сыяктуу тармактардагы продукцияларын сунуштайт. Бул тууралуу EXPO EURASIA KYRGYZSTAN көргөзмөнүн директору Светлана Забелина билдирди. Анын айтымында, россиялык делегациянын курамында 300гө жакын адамдын келүүсү күтүлүүдө. Мындан тышкары, көргөзмөгө ар кайсы аймактардан импорттоочулар, ассоциациялардын жана бирикмелердин өкүлдөрү да катышат.Анын маалыматына караганда, 2025-жылы эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 5 млрд доллардан ашкан. Ал эми быйылкы жылдын беш айында көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 25%га жогорулаган. Россия Федерациясынын Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүдөгү үлүшү 27,1%ды түзөт. Забелина белгилегендей, Россиянын бизнес өкүлдөрү үчүн Кыргызстан географиялык жактан ыңгайлуу жайгашканы, эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелер жана ишкана ачуу шарттарынын жеңилдиги менен да кызыктуу. Мындан тышкары, Кыргызстандын ЕАЭБ, КМШ, ШКУ, БРИКС жана башка эл аралык түзүмдөргө катышуусу кызматташтыкты жеңилдетет.
Андрей Стенин атындагы 2026-жылкы эл аралык фотожурналистика сынагынын жеңүүчүлөрүн жарыялоо салтанаты жана алардын эмгектеринин фотокөргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти. Иш-чара 2026-жылдын 21-октябрынан 10-ноябрына чейин “Музей Москвы” мейкиндигинде ачык болот.Анын айтымында, бул номинация сынакка жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.Быйыл сынактын шорт-листине 13 өлкөдөн келген жаш фоторепортерлордун жеке сүрөттөрү жана сериялык топтомдору кирген. Сынактын калыстар тобу жалпы 36 мамлекеттен, атап айтканда, Россия, Аргентина, Иран, Бангладеш, Индонезия, Индия, Испания, Түркия жана башка өлкөлөрдөн жиберилген 2 500гө жакын эмгекти баалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0