https://sputnik.kg/20261013/1104253247.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү жана бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтуу боюнча иштер уланууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин... 13.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-13T09:00+0600
2026-10-13T09:00+0600
2026-10-13T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/0d/1104253081_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_40f7af9579637a0b49fadbb455485926.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү жана бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтуу боюнча иштер уланууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өткөргөн ведомстволор аралык комиссиянын жыйынында белгилүү болду. Жыйында электрондук документтерди киргизүү, нотариалдык кызматтарды мобилдик тиркеме аркылуу көрсөтүү жана жарандардын кайрылууларын борборлоштуруп кароо маселелери талкууланды. Ошондой эле FaceID аркылуу электрондук санариптик кол тамганы аралыктан алуу мүмкүнчүлүгүн түзүү, мамлекеттик көзөмөлдөөгө тобокелдикке негизделген Smart Check тутумун киргизүү жана айрым административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү каралды. Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү демилгелер жактырылып, аларды ишке ашыруу боюнча тапшырмалар берилди. Бул чаралар мамлекеттик кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, убакытты үнөмдөөгө жана жарандар менен ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Кыргызстандын банк секторунун жалпы активдери 2026-жылдын 31-августуна карата 1 трлн 504,8 млрд сомду түздү. Бул жыл башындагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 24,2 пайызга көп. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Маалыматка ылайык, кардарларга берилген кредиттердин көлөмү 24,9 пайызга өсүп, 633,3 млрд сомго жеткен. Ал эми депозиттердин көлөмү 6,1 пайызга көбөйүп, 919,2 млрд сомду түзгөн. Ошондой эле ислам принциптери боюнча каржылоо 54,3 пайызга өсүп, 29,7 млрд сомго жеткени белгиленди. 2026-жылдын 31-августуна карата Кыргызстанда 26 коммерциялык банк жана алардын 308 филиалы иштеп турган. Алардын алтоо ислам банк ишинин жана каржылоонун принциптерине ылайык кызмат көрсөтөт.
Кыргызстанда социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн ишканалар, уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, жеке ишкерлер жана мыйзамда көрсөтүлгөн башка жактар төлөөгө милдеттүү. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жарандарды ооруп калганда, майып болгондо, карыганда же багуучусунан айрылганда социалдык жактан колдоого багытталган. Маалыматка ылайык, төгүмдөрдү төлөө эрежелерин бузгандарга жоопкерчилик каралган. Кирешени же эмгек акыны жашырган учурда жашырылган сумманын эки эселенген өлчөмүндө айып салынат. Отчетторду кечиктиргендерге айып пул салынып, төгүмдөр өз убагында төлөнбөсө, ар бир кечиккен күн үчүн туум эсептелет. Белгилей кетсек, 2019-жылдын 1-январынан тартып социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн туура эсептелишин жана өз убагында төлөнүшүн көзөмөлдөө милдети Мамлекеттик салык кызматына өткөрүлгөн. Адистер төгүмдөрдү өз убагында төлөө социалдык камсыздандыруу системасынын туруктуулугун камсыздоого жардам берерин белгилешет.
Кыргызстанда мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү жана бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтуу боюнча иштер уланууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өткөргөн ведомстволор аралык комиссиянын жыйынында белгилүү болду. Жыйында электрондук документтерди киргизүү, нотариалдык кызматтарды мобилдик тиркеме аркылуу көрсөтүү жана жарандардын кайрылууларын борборлоштуруп кароо маселелери талкууланды. Ошондой эле FaceID аркылуу электрондук санариптик кол тамганы аралыктан алуу мүмкүнчүлүгүн түзүү, мамлекеттик көзөмөлдөөгө тобокелдикке негизделген Smart Check тутумун киргизүү жана айрым административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү каралды. Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү демилгелер жактырылып, аларды ишке ашыруу боюнча тапшырмалар берилди. Бул чаралар мамлекеттик кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, убакытты үнөмдөөгө жана жарандар менен ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган. Кыргызстандын банк секторунун жалпы активдери 2026-жылдын 31-августуна карата 1 трлн 504,8 млрд сомду түздү. Бул жыл башындагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 24,2 пайызга көп. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Маалыматка ылайык, кардарларга берилген кредиттердин көлөмү 24,9 пайызга өсүп, 633,3 млрд сомго жеткен. Ал эми депозиттердин көлөмү 6,1 пайызга көбөйүп, 919,2 млрд сомду түзгөн. Ошондой эле ислам принциптери боюнча каржылоо 54,3 пайызга өсүп, 29,7 млрд сомго жеткени белгиленди. 2026-жылдын 31-августуна карата Кыргызстанда 26 коммерциялык банк жана алардын 308 филиалы иштеп турган. Алардын алтоо ислам банк ишинин жана каржылоонун принциптерине ылайык кызмат көрсөтөт.Кыргызстанда социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн ишканалар, уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, жеке ишкерлер жана мыйзамда көрсөтүлгөн башка жактар төлөөгө милдеттүү. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жарандарды ооруп калганда, майып болгондо, карыганда же багуучусунан айрылганда социалдык жактан колдоого багытталган. Маалыматка ылайык, төгүмдөрдү төлөө эрежелерин бузгандарга жоопкерчилик каралган. Кирешени же эмгек акыны жашырган учурда жашырылган сумманын эки эселенген өлчөмүндө айып салынат. Отчетторду кечиктиргендерге айып пул салынып, төгүмдөр өз убагында төлөнбөсө, ар бир кечиккен күн үчүн туум эсептелет. Белгилей кетсек, 2019-жылдын 1-январынан тартып социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн туура эсептелишин жана өз убагында төлөнүшүн көзөмөлдөө милдети Мамлекеттик салык кызматына өткөрүлгөн. Адистер төгүмдөрдү өз убагында төлөө социалдык камсыздандыруу системасынын туруктуулугун камсыздоого жардам берерин белгилешет.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/0d/1104253081_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_4cc101720b8119aa23641a39c4b4ecf7.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио