БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Бириккен Араб эмирлигинин курама командасында ойногон футболчулардын жалпы наркы 11,1 миллион еврого бааланган. Мындай маалыматты Германиянын Transfermarkt.de басылмасы жазып чыкты.
Sputnik Кыргызстан агенттиги кыргызстандык команда менен плей-оффто кезиге турган БАЭ командасынын баасын салыштырып көрдү.
Ал эми ат салыша турган командадагы 21 оюнчу 11,1 миллион еврого бааланган. Анын ичинен эң кымбаты болуп жергиликтүү "Аль-Жазира" командасынын оюнчусу, кураманын чабуулчусу Али Мабхут аталды. Буга чейинки Азия кубогунун мыкты чабуулчусу болгон Мабхут 2,8 миллион евро "турат".
Кыргызстандык команда тайпалык беттеште Кытай менен Түштүк Кореяга утулуп калган. Андан кийин Филиппин командасын 3:1 эсеби менен жеңип, үчүнчү орундан плей-оффко чыкты.