Азия кубогу: Кыргызстандын футбол командасы Кытайга утулуп калды

© AP Photo / Hassan AmmarКубок Азии по футболу 2019. Кыргызстан и Китай
Кубок Азии по футболу 2019. Кыргызстан и Китай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Беттеш Бириккен Араб эмирлигинин Аль-Айн шаарындагы стадиондо өттү.

БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы Азия кубогунун алкагындагы алгачкы оюнда Кытай менен беттешип 1:2 эсебинде утулуп калды. Негизги оюнга кошумча 5 мүнөт кошулганы менен эсеп өзгөргөн жок.

​Беттеш Бириккен Араб Эмирлигинин Аль-Айн шаарындагы стадиондо өттү.

​Оюндун 42-мүнөтүндө эсепти кыргызстандык футболчу Ахлидин Исраилов ачып, команданы алдыга алып чыкты. Бирок сегиз мүнөттөн кийин, тактап айтканда, оюндун 50-мүнөтүндө кытайлык футболчулар эсепти теңеди.

​Ал эми 78-мүнөттө кытайлыктар дагы бир гол киргизип, 2:1 эсебинде алдыга чыкты.

​Азия кубогу 5-январда Бириккен Араб Эмирлигинде башталды. Кыргызстандын командасы С тайпасына түшүп, Түштүк Кореянын, Кытайдын, Филиппиндердин командасы менен беттешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0