VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жыйынтыкталды — дүйнө элин суктандырган иш-чара эмнеси менен эсте калды?
15:04 08.09.2026 (Жаңыртылды: 15:26 08.09.2026)
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жыйынтыкталды — дүйнө элин суктандырган иш-чара эмнеси менен эсте калды?
Жазылуу
Коноктор
Гүлзат Исаматова, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри\\\Алтынбек Максутов, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башкы режиссёру\\\Нурбек Талантбеков, “Манас” театрынын директору, манасчыАскаралы Мадаминов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басарыКубаныч Эрмеков, Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин спорттун жогорку жетишкендиктерин талдоо жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысыГүлбара Ишенапысова, Саламаттык сактоо министринин орун басары, башкы мамлекеттик санитардык дарыгер\\\Алмазбек Асанов, Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник\\\Октябрь Урманбетов, Ички иштер министринин орун басары, генерал-майор
Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жыйынтыкталды.Иш-чара ордо калаадагы "Бишкек Аренада" салтанаттуу ачылып, ага бир катар өлкөнүн президенттери катышты. Параддан 100дөн ашуун өлкөнүн 3000дей спортчусу өтүп, аземге дүйнөнүн булуң-бурчунан меймандар чакырылган.Көчмөндөр оюндарынын спорттук жана маданий бөлүгү Ысык-Көлдө: ипподромдо, Кырчын жайлоосунда, "Газпром" спорт комплексинде, "Рух-Ордодо", "Номад" борборунда өттү.Кырчында уюштурулган "Көчмөндөр ааламы" этношаарчасында өлкөнүн жети дубанынын ордосу түшүп, көчмөндөрдүн кол өнөрчүлүгү көрсөтүлдү.Оюндардын жабылыш аземи Чолпон-Атадагы ат майданда болуп, эстафета Россияга өттү. Көчмөндөр оюндарынын символу болгон суу көөкөрү министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Татарстандын раиси Рустам Миннихановго тапшырды.Салтанат чоң программадагы концерт менен коштолуп, дрон-шоу тартууланып, фейерверк менен соңуна чыкты.
