00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
5 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жаңы сезон, жаңы багыт: орус драма театры көрүүчүлөрүн кандай жаңылыктар менен таң калтырат?
11:07
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Если разобраться...
Медали ВИК пересчитали, таможенников задержали, ягоды разрешили
12:05
74 мин
Күн башат
Сот системасынын сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатууда Сот адилеттигинин жогорку мектебинин ролу
13:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Кыргызстан 2026-жылы ИДПнын өсүү темпи боюнча Борбор Азияда лидерлигин сактайт. Евразия өнүктүрүү банкынын аналитиктери өлкө экономикасы жыл жыйынтыгында кеминде 10% өсөт деп болжолдошууда. 2026-жылдын январь-июль айларында Кыргызстандын ИДПсы 11,1%га өскөн. Өсүшкө керектөө суроо-талабынын жогорулашы, эмгек акынын жана насыялоонун көбөйүшү, ошондой эле инвестициялардын 58,8%га өсүшү таасир берген. Өнөр жай өндүрүшү 11,2%га, чекене соода дээрлик 15%га өскөн. Ал эми курулуш тармагындагы өсүш 60,6% түзгөн. Евразия өнүктүрүү банкынын болжолуна ылайык, 2026-жылы Өзбекстан менен Тажикстандын экономикасы болжол менен 8%, Казакстандыкы 4–5% өсөт. Эксперттер Кыргызстандагы экономикалык өсүштү инвестициялык активдүүлүк жана ички керектөөнүн жогорулашы менен байланыштырышат.
Кыргызстанда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары аяктагандан кийин «Таза Мурас» улуттук экологиялык өнөктүгү башталды. Анын негизги иш-чарасы 20-сентябрда өтө турган Дүйнөлүк тазалык күнүнө карата уюштурулат. Өнөктүктүн урааны — «Оюн бүтөт — мурас калат». Негизги максат — тазалыкты бир жолку акция эмес, коомдун туруктуу маданиятына айландыруу. Иш-чара «Таза суу», «Таза жер», «Таза тоолор» жана «Таза шаар» деген төрт багытта өтөт. Жарандар командаларга биригип, өз аймактарын тазалап, жыйынтыгын социалдык тармактарда бөлүшүүгө чакырылат. Кыргызстан буга чейин Дүйнөлүк тазалык күнүнө активдүү катышып келген. 2024-жылы эки жалпы улуттук акцияга дээрлик 1 миллион адам катышып, 9 миң тоннага жакын таштанды чогултулган. Уюштуруучулар бул жылы массалык тазалык менен катар экологияга болгон жоопкерчиликти узак мөөнөттүү адатка айлантууну көздөшүүдө.
Кийинки жылдан тарта Бишкек жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) керектүү көмүрдү толугу менен Кочкор районунан темир жол аркылуу ташуу каралууда. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан кабарлашты. Ага ылайык, Бишкек ЖЭБине жылына жалпысынан 1,2 миллион тонна көмүр жеткирилет. Быйыл көмүрдүн жарымы Кочкордон, калган бөлүгү Балыкчыдан ташылууда. Ал эми 2027-жылдан тартып ЖЭБге керектүү көмүрдүн баарын Кочкордон темир жол аркылуу жеткирүү пландалып жатат. Эске салсак, быйыл узундугу 63 чакырымдан ашкан Балыкчы — Кочкор темир жолу пайдаланууга берилген. Жаңы темир жол Кочкордон көмүр ташууну уюштурууга шарт түзүүдө.
Кыргызстандык режиссер Алтынбек Максүтов америкалык режиссер Эрик Ялгашев тарабынан Голливудга чакырылды. Ал АКШда режиссерлор жана кино тармагынын адистери үчүн мастер-класс өткөрөт. Бул тууралуу Эрик Ялгашев "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Америкалык кинематографист Кыргызстандын VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жогорку деңгээлде өткөргөнүнө жана өзгөчө Кырчын жайлоосунда түзүлгөн аянтчага таң калганын айтты. "Кырчынга абдан таң калдык, бул даяр киноаянтча экен. Дүйнөдө адамдар жылдап убакыт коротуп түзгөн нерсени силер болгону эки айда куруп койдуңар. Бул - укмуштуудай эмгек. Мен коюучу режиссер Алтынбек Максүтов менен таанышып, аны Голливудга чакырдым. Ал биздин америкалык режиссерлорго жана кино тармагындагы адистерге мастер-класс өтүп берсе деген сунуш айттым", - деди Эрик Ялгашев.
Жаңылыктар түрмөгү
0