https://sputnik.kg/20260909/1103558544.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиги, ошондой эле... 09.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-09T17:00+0600
2026-09-09T17:00+0600
2026-09-09T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/09/1103558378_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_85b3066a71a693d79792bcbd78b0310c.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиги, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө байланыштуу президент Садыр Жапаров айрым кыргызстандыктрга наам берди."Ынтымак ордо" тараткан маалыматта Кыргыз Республикасынын Эмгек Баатыры артыкчылык даражасы Рысбай Абдыкадыровго, Муратбек Бегалиевге, Бектур Исаковго, Сүйүнбек Касмамбетовго жана Дүйшө Кудаяровго ыйгарылганы айтылат.III даражадагы Манас ордени менен Муса Бажаев, Медетбек Букуев, Сейтхан Жошибаев, Телектеш Ишемкулов, Кемелбек Кыязов, Камчыбек Узакбаев жана Алмамбет Шыкмамтов сыйланды.Ал эми Максатбек Бусурманкулов менен Аскарбек Касыбековго Эрдик ордени берилген. Мындан тышкары, Даңк ордени алты кишиге ыйгарылса, Достук орденин Ахмаджон Мелибоев тагынды. Акматали Алимбековго КР эл мугалими наамы ыйгарылса, Чынара Ажибеделова менен Мамытбек Акылбеков КР эл врачы болушту.Уланмырза Карыпбаев, Боромбай Кулахматов, Темирлан Сманбеков, Болот Тентимишов жана Самидахан Халматова КР эл артисти наамына ээ болушту. Жеңишгүл Өзүбековага КР эл жазуучусу, Атантай Акбаровго КР эл акыны, Сатар Айтиевге КР эл сүрөтчүсү наамы ыйгарылды.Таштанбек Акматов менен Асел Сартбаева Кыргыз Республикасынын жаратманы ардам наамы менен сыйланса, Кыргыз Республикасынын сыймыгы ардак наамы Анатай Өмүрканов менен Саламат Садыковага берилди.Мындан тышкары, ар тармакта эмгеги сиңген 28 кишиге Ардак медалы ыйгарылды.
Кыргызстан ушул жылдын биринчи жарымында 10 өлкөгө 2,8 миң тонна макарон азыктарын экспорттоду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат. Экспорттолгон макарон азыктарынын жарымынан көбүн Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирген Казакстан, Россия жана Беларусь сатып алган. Өткөн жылдын январь-июнь айларында Кыргызстан макарон азыктарын быйылкы көрсөткүчтөн болжол менен төрттөн бирине аз экспорттогон.
Кыргызстанда көбүнчө фермерлер менен дыйкан чарбалары жана товарларды импорттоо же экспорттоо менен алектенген ишкерлер банкрот болууда. Бул тууралуу Банкроттук иштер боюнча департаменттин директорунун орун басары Камил Чоткараев Sputnik Кыргызстан радиосуна берген маегинде билдирди.Анын айтымында, дыйкандар адатта жазында эгин айдап, түшүмдү жыйнагандан кийин карызын төлөө шарты менен каражат алышат. Бирок түшүм начар же такыр чыкпай калган учурда милдеттенмелерин аткара албай, кредиторлор сотко кайрылууда. "2026-жылдын сегиз айында 38 жеке ишкерди банкрот деп таануу боюнча сот чечими департаментке түшкөн. Алардын тогузуна карата процедура аяктап, учурда 29 ишкер боюнча банкроттук иштер жүрүп жатат. Жалпысынан буга чейин 375 ишкана банкрот деп табылса, азыр алардын 227си боюнча процедура уланууда", — деди Чоткараев.
Ысык-Көлдүн жээгинде КРСУ тарабынан уюштурулган “Евразия тандоосу” аттуу эл аралык аналитикалык жумалыгы өтүүдө. Быйыл “Ысык-Көл – Чоң Евразия” аналитикалык клубунун аянтчасында жаштардын эл аралык эки ири жыйыны уюштурулду. Алар — IV Талдоо конгресси жана I Жаштар демографиялык форуму. Иш-чара Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында өтүп жатат. Аталган эл аралык клубдун жетекчиси, экономика илимдеринин доктору, профессор Айнура Кочербаева маалымдагандай, жыйынга Евразиянын сегиз мамлекетинен — Россия, Беларусь, Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан жана Армениядан аналитиктер менен эксперттер катышууда.
Өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиги, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө байланыштуу президент Садыр Жапаров айрым кыргызстандыктрга наам берди."Ынтымак ордо" тараткан маалыматта Кыргыз Республикасынын Эмгек Баатыры артыкчылык даражасы Рысбай Абдыкадыровго, Муратбек Бегалиевге, Бектур Исаковго, Сүйүнбек Касмамбетовго жана Дүйшө Кудаяровго ыйгарылганы айтылат.III даражадагы Манас ордени менен Муса Бажаев, Медетбек Букуев, Сейтхан Жошибаев, Телектеш Ишемкулов, Кемелбек Кыязов, Камчыбек Узакбаев жана Алмамбет Шыкмамтов сыйланды.Ал эми Максатбек Бусурманкулов менен Аскарбек Касыбековго Эрдик ордени берилген. Мындан тышкары, Даңк ордени алты кишиге ыйгарылса, Достук орденин Ахмаджон Мелибоев тагынды. Акматали Алимбековго КР эл мугалими наамы ыйгарылса, Чынара Ажибеделова менен Мамытбек Акылбеков КР эл врачы болушту.Уланмырза Карыпбаев, Боромбай Кулахматов, Темирлан Сманбеков, Болот Тентимишов жана Самидахан Халматова КР эл артисти наамына ээ болушту. Жеңишгүл Өзүбековага КР эл жазуучусу, Атантай Акбаровго КР эл акыны, Сатар Айтиевге КР эл сүрөтчүсү наамы ыйгарылды.Таштанбек Акматов менен Асел Сартбаева Кыргыз Республикасынын жаратманы ардам наамы менен сыйланса, Кыргыз Республикасынын сыймыгы ардак наамы Анатай Өмүрканов менен Саламат Садыковага берилди.Мындан тышкары, ар тармакта эмгеги сиңген 28 кишиге Ардак медалы ыйгарылды. Кыргызстан ушул жылдын биринчи жарымында 10 өлкөгө 2,8 миң тонна макарон азыктарын экспорттоду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат. Экспорттолгон макарон азыктарынын жарымынан көбүн Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирген Казакстан, Россия жана Беларусь сатып алган. Өткөн жылдын январь-июнь айларында Кыргызстан макарон азыктарын быйылкы көрсөткүчтөн болжол менен төрттөн бирине аз экспорттогон. Кыргызстанда көбүнчө фермерлер менен дыйкан чарбалары жана товарларды импорттоо же экспорттоо менен алектенген ишкерлер банкрот болууда. Бул тууралуу Банкроттук иштер боюнча департаменттин директорунун орун басары Камил Чоткараев Sputnik Кыргызстан радиосуна берген маегинде билдирди.Анын айтымында, дыйкандар адатта жазында эгин айдап, түшүмдү жыйнагандан кийин карызын төлөө шарты менен каражат алышат. Бирок түшүм начар же такыр чыкпай калган учурда милдеттенмелерин аткара албай, кредиторлор сотко кайрылууда. "2026-жылдын сегиз айында 38 жеке ишкерди банкрот деп таануу боюнча сот чечими департаментке түшкөн. Алардын тогузуна карата процедура аяктап, учурда 29 ишкер боюнча банкроттук иштер жүрүп жатат. Жалпысынан буга чейин 375 ишкана банкрот деп табылса, азыр алардын 227си боюнча процедура уланууда", — деди Чоткараев.Ысык-Көлдүн жээгинде КРСУ тарабынан уюштурулган “Евразия тандоосу” аттуу эл аралык аналитикалык жумалыгы өтүүдө. Быйыл “Ысык-Көл – Чоң Евразия” аналитикалык клубунун аянтчасында жаштардын эл аралык эки ири жыйыны уюштурулду. Алар — IV Талдоо конгресси жана I Жаштар демографиялык форуму. Иш-чара Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында өтүп жатат. Аталган эл аралык клубдун жетекчиси, экономика илимдеринин доктору, профессор Айнура Кочербаева маалымдагандай, жыйынга Евразиянын сегиз мамлекетинен — Россия, Беларусь, Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан жана Армениядан аналитиктер менен эксперттер катышууда.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/09/1103558378_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_e10dbd0ff517f6491ee53cb208576362.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио