00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ачык кеп
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жыйынтыкталды — дүйнө элин суктандырган иш-чара эмнеси менен эсте калды?
21:05
53 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Эми медициналык жана фармацевтикалык лицензия алуу оңой болуп калатГолливуд жылдызы Дон Уилсон Кыргызстанда тасма тартууга даярКыргызстанда жатын моюнчасынын рагын эрте аныктоого мүмкүндүк түзүлөт
Саламаттык сактоо министрлигинде ал үчүн АПВ ДНК-тестирлөөнү киргизүү маселелери талкууланды. Маалыматта жаңы тест ооруну алдын алууга жана аны алгачкы стадиясында аныктоого жардам берери айтылган. Алгач аны калктын аялуу катмарына кирген аялдар арасында колдонууга өзгөчө көңүл бурулат. Тараптар скрининг программасын системалаштырып, АПВ ДНК-тестирлөөнү жана жатын моюнчасынын рагын эрте аныктоо иштерин мамлекеттик деңгээлде өнүктүрүүнү көздөп жатышат.
Кыргызстанда медициналык жана фармацевтикалык ишмердүүлүктү лицензиялоо процесси толугу менен санариптик форматка өткөрүлдү. Эми ишкерлер Саламаттык сактоо министрлигине барбастан, лицензия алууга онлайн арыз бере алышат. Ведомстводон маалымдашкандай, реформанын алкагында мамлекеттик маалыматтык системалар менен интеграцияланган "Саламаттык сактоо тармагында лицензиялоо" маалыматтык системасы иштелип чыгып, өнөр жайлык эксплуатацияга киргизилди. Жаңы система аркылуу ишкерлер керектүү документтерди электрондук түрдө тапшырып, мамлекеттик кызмат үчүн төлөм жүргүзүп, арыздын каралуу жүрүшүн онлайн көзөмөлдөй алышат. "Санариптештирүүнүн натыйжасында лицензия берүү мөөнөтү 30 күндөн 6-15 күнгө чейин кыскарды. Жыл сайын медициналык ишмердүүлүк боюнча болжол менен 450 лицензия жана аларга тиркемелер, ал эми фармацевтикалык ишмердүүлүк боюнча 900гө жакын лицензия берилет", - деп айтылат маалыматта. Жаңы формат кагаз документ жүгүртүүнү жана ишкерлердин административдик жүгүн азайтып, өлкөнүн бардык аймактарындагы ишкерлер үчүн лицензия алууну жеңилдетүүгө багытталган.
11-сентябрда Талас шаарындагы борбордук аянтка кирүүчү көчөлөр убактылуу жабылат Андыктан сапарга чыгарда убактыңызды жана маршрутуңузду алдын ала пландап алыңыз. Эске салсак, 12-13-сентябрда Таласта өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган ири иш-чара өтөт. Борбордук базар, айрым соода түйүндөрү 11-12-сентябрда иштебейт.
Белгилүү америкалык актёр, продюсер жана кикбоксинг боюнча дүйнөнүн көп жолку чемпиону Дон "Дракон" Уилсон Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүдөн алган таасирлери менен бөлүшүп, Кыргызстанда кино долбоорун ишке ашырууну каалай турганын билдирди. Актёр Кыргызстанга мындан ондогон жылдар мурун келген алгачкы сапарын эскерип, өлкөдө болуу тажрыйбасы бул жолку сапарында кыйла кеңейгенин белгиледи. "Мен Кыргызстанга биринчи жолу 1990-жылдары кикбоксинг боюнча мелдешти колдоо үчүн келген элем. Ал сапар толугу менен өзүмө көнүмүш болгон чөйрөдө өттү, анткени өзүм да спортчумун жана мелдештерден башка көп нерсени көрүүгө жетишкен эмесмин. Бул жолку сапарымда мен таптакыр жаңы дүйнө менен тааныштым. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында ат үстүндөгү укмуштуудай өнөрлөрдү көрдүм, бул жөн гана керемет болду", – деди Дон Уилсон. Мындан тышкары, белгилүү актёр актёрлук менен гана эмес, тасма продюсерлиги менен да активдүү алектенерин эске салды. "Баары эле мен продюсер катары да иштей турганымды биле бербейт. Бул жерде көргөндөрүмдү жана өлкөнүн өзгөчө колоритин эске алуу менен Кыргызстанда тасма тартууга даярмын", – деп белгиледи ал.
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 101 сом 53 тыйын юань 13 сом 3 тыйынга рубль 1 сом 1 тыйынга Казак тенгеси 19 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 87 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. АИ 95 улгусундогу май 109 сом 90 тыйындан, Дизель майы литрине 99 сом 90 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 48 сом 80 тыйындын тегерегинде сатылууда.Аба ырайы9-сентябрга караган түнү өлкөбүздө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Шаршемби күнү республиканын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүй, Баткен өрөөндөрүндө +30...+35, Жалал-Абад, Ош облустарында +31...+36, Талас чөлкөмүндө +28...+33, Ысык-Көл регионунда +20...+25, Нарын аймагында +22...+27 градус ысыйт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +32...+34, Ошто +33...+35, ал эми Чолпон-Атада +21...+23 градуска көтөрүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0