00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Если разобраться...
Медали ВИК пересчитали, таможенников задержали, ягоды разрешили
12:05
74 мин
Күн башат
Сот системасынын сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатууда Сот адилеттигинин жогорку мектебинин ролу
13:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Кыргызстан 2030-жылга чейин өзүн негизги азык-түлүк менен толук камсыздоону пландап жатат. Бул суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков жетектеген Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча кеңештин жыйынында айтылды. Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча, өлкө өзүн сүт (124,1%), картошка (198,9%) жана жашылча-жемиш (247,2%) менен толук камсыздай алары такталган. Ал эми эт (82,1%), жумуртка (79,8%), нан азыктары (77,4%) жана кант боюнча (72,6%) камсыздоо деңгээли 73-82 пайыздын тегерегин түзгөн. "Өсүмдүк майы боюнча ички муктаждык 53,6 пайызга, мөмө-жемиштер 15,6 пайызга гана жабылууда", — деп маалымат берилген жыйында. Министрликтен билдиришкендей, импорттон көз карандылыкты азайтып, 2030-жылга чейин негизги азык-түлүк менен камсыздоону 100 пайызга жеткирүү пландалууда. Бул үчүн буудай жана май өсүмдүктөрүнүн айдоо аянттары кеңейтилип, жаңы бактар тигилет. Ошондой эле дыйкандарды сапаттуу үрөн, асыл тукум мал менен камсыздоо, тоют базасын чыңдоо, сугат жерлерди кеңейтүү жана эт, сүт, жемиштерди кайра иштетүү иши күчөтүлөт.
Аида Касымалиева Нью-Йорк шаарындагы БУУдагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун "Ынтымак ордо" маалымдады.Касымалиеванын ордуна буга чейин Юстиция министрлигин жетектеп келген Аяз Баетов дайындалды. 42 жаштагы Баетов Жапаровдун өкмөтүндө эң узак убакыт министр болгондордун бири. Аткаминер бул кызматты 2021-жылдын октябрынан бери жетектеп келген.Ал эми Касымалиева Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү кызматына 2021-жылдын аягында барган. Кесиби боюнча журналист. Бир нече жыл ушул жаатта эмгектенип, андан соң Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаты болгон.
Быйыл Кыргызстандагы жогорку окуу жайларга мамлекеттик гранттык жана келишимдик негизде жалпы 38 миң 915 абитуриент кабыл алынды. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Исиралиева билдирди. Анын айтымында, 2026-2027-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алуу өнөктүгү 25-августта алтынчы тур менен жыйынтыкталды. “Бүгүнкү күндө 10 миң гранттык орунга кабыл алынгандардын саны 7 миң 885 абитуриент болду. Ошондой эле келишимдик негизде кабыл алынган абитуриенттердин саны 31 миң 30ду түздү”, — деди Исиралиева.Ошентип гранттык жана келишимдик негизде кабыл алынгандардын жалпы саны 38 миң 915ке жетти. Маалыматка ылайык, 2026-2027-окуу жылы 15-сентябрда башталат. Бүгүнкү күндө өлкөдөгү жогорку жана орто кесиптик окуу жайлар жаңы окуу жылына толук даяр.
Мамлекеттик катчы Марко Рубио Иран АКШга жасаган ар бир чабуулу үчүн мунай ташыган танкерлеринен кол жууй турганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды."Иран АКШнын кемелерине кол салуусун улантып жатат. Ар бир чабуулунан кийин танкерлеринен ажырай берет. Бүгүн да ошондой эле көрүнүш болсо керек", — деген саясатчы Колумбияда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып. Иран АКШ жана Израиль менен кыштан бери тирешүүдө. Ортодо кепке келүүгө аракеттер болгону менен андан майнап чыккан эмес.
Жаңылыктар түрмөгү
0