https://sputnik.kg/20260909/1103553567.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн, 9-сентябрда, Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев жалпы кыргызстандыктарды улуттук маданияттын баалуу мурастарынын бири болгон Комуз күнү... 09.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-09T15:00+0600
2026-09-09T15:00+0600
2026-09-09T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/09/1103553401_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_6c88339f44dd8092ab7c40337db8338f.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн, 9-сентябрда, Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев жалпы кыргызстандыктарды улуттук маданияттын баалуу мурастарынын бири болгон Комуз күнү менен куттуктады.Ал комуз кыргыз элинин кылымдарды карыткан тарыхынын, нарк-насилинин жана дүйнө таанымынын башкы коштоочусу экенин белгилеген.Ошондой эле ал комуздун маданияттагы орду “Манас” эпосунда, анын ичинде Сагынбай Орозбаковдун вариантында да кездешерин эске салды. Мындан сырткары, Монголия аймагындагы археологиялык казууларда VIII–IX кылымдарга таандык комуз табылганын, бул көчмөн элдер арасында кылдуу аспаптар байыртадан эле кеңири колдонулганын далилдей турганын белгиледи.Мамлекеттик катчы Токтогул, Карамолдо, Мураталы, Ниязаалы, Ыбырай, Атай сыяктуу залкарлардын күүчүлүк салтын улантып, ата-бабадан калган бул мурасты келечек муунга өткөрүп берүү башкы милдет экенине токтолду.
Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңешке барып, санарип музейдин ачылышына катышты.Музейдин ачылышына парламент төрагасы Марлен Маматалиев да катышты. Ал эми өлкө башчысына экспонаттар тууралуу робот-экскурсовод кеңири маалымат берди.Жапаров комитеттердин жыйындары өтө турган жаңыланган залдарды көрдү. Эми ал жерде талкууларды санарип форматта өткөрүп, мамлекеттик мекемелердин жетекчилерин онлайн катыштырууга болот.
Учурда Токтогул суу сактагычында 11,2 миллиард куб метр суу топтолду. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков билдирди. Анын айтымында, быйыл 4,1 миллиард кВт/саат электр энергиясын импорттоо пландалууда. Анткени өлкөдө өндүрүш көлөмү өсүп, генерация анын артынан кууп жете албай жатат."Жарык тартыштыгын жабуу максатында электр кубатын Россиядан, Казакстандан, ошондой эле Түркмөнстан менен Өзбекстандан сатып алып жатабыз", — деди ал.Ошол эле учурда Рысбеков быйыл кышында керектөөчүлөргө 5 киловаттык лимит киргизүү пландалбаганын кошумчалады.
Жогорку Кеңештин депутаттары Малик Бектургановдун талапкерлигин башкы прокурорлук кызматка бир добуштан колдоп берди.Парламенттин жалпы жыйынында депутаттар президент тарабынан сунушталган талапкерди карап чыгып, аны колдоо боюнча токтом кабыл алышты. Добуш берүүнүн жыйынтыгында жыйынга катышкан эл өкүлдөрүнүн баары макулдугун билдиришти.Малик Бектурганов буга чейин Башкы прокуратурада жетекчинин биринчи орун басары болуп иштеп келген. Ал көзөмөл органында көп жылдан бери эмгектенип, тажрыйба топтогон.Мыйзамга ылайык, парламенттин макулдугунан кийин башкы прокурорду расмий кызматка дайындоо жөнүндө тиешелүү жарлыкка өлкө президенти кол коет.
Мамлекеттик катчы Марко Рубио Иран АКШга жасаган ар бир чабуулу үчүн мунай ташыган танкерлеринен кол жууй турганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды."Иран АКШнын кемелерине кол салуусун улантып жатат. Ар бир чабуулунан кийин танкерлеринен ажырай берет. Бүгүн да ошондой эле көрүнүш болсо керек", — деген саясатчы Колумбияда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып. Иран АКШ жана Израиль менен кыштан бери тирешүүдө. Ортодо кепке келүүгө аракеттер болгону менен андан майнап чыккан эмес.
Бүгүн, 9-сентябрда, Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев жалпы кыргызстандыктарды улуттук маданияттын баалуу мурастарынын бири болгон Комуз күнү менен куттуктады.Ал комуз кыргыз элинин кылымдарды карыткан тарыхынын, нарк-насилинин жана дүйнө таанымынын башкы коштоочусу экенин белгилеген.Ошондой эле ал комуздун маданияттагы орду “Манас” эпосунда, анын ичинде Сагынбай Орозбаковдун вариантында да кездешерин эске салды. Мындан сырткары, Монголия аймагындагы археологиялык казууларда VIII–IX кылымдарга таандык комуз табылганын, бул көчмөн элдер арасында кылдуу аспаптар байыртадан эле кеңири колдонулганын далилдей турганын белгиледи.Мамлекеттик катчы Токтогул, Карамолдо, Мураталы, Ниязаалы, Ыбырай, Атай сыяктуу залкарлардын күүчүлүк салтын улантып, ата-бабадан калган бул мурасты келечек муунга өткөрүп берүү башкы милдет экенине токтолду.Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңешке барып, санарип музейдин ачылышына катышты.Музейдин ачылышына парламент төрагасы Марлен Маматалиев да катышты. Ал эми өлкө башчысына экспонаттар тууралуу робот-экскурсовод кеңири маалымат берди.Жапаров комитеттердин жыйындары өтө турган жаңыланган залдарды көрдү. Эми ал жерде талкууларды санарип форматта өткөрүп, мамлекеттик мекемелердин жетекчилерин онлайн катыштырууга болот.Учурда Токтогул суу сактагычында 11,2 миллиард куб метр суу топтолду. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков билдирди. Анын айтымында, быйыл 4,1 миллиард кВт/саат электр энергиясын импорттоо пландалууда. Анткени өлкөдө өндүрүш көлөмү өсүп, генерация анын артынан кууп жете албай жатат."Жарык тартыштыгын жабуу максатында электр кубатын Россиядан, Казакстандан, ошондой эле Түркмөнстан менен Өзбекстандан сатып алып жатабыз", — деди ал.Ошол эле учурда Рысбеков быйыл кышында керектөөчүлөргө 5 киловаттык лимит киргизүү пландалбаганын кошумчалады.Жогорку Кеңештин депутаттары Малик Бектургановдун талапкерлигин башкы прокурорлук кызматка бир добуштан колдоп берди.Парламенттин жалпы жыйынында депутаттар президент тарабынан сунушталган талапкерди карап чыгып, аны колдоо боюнча токтом кабыл алышты. Добуш берүүнүн жыйынтыгында жыйынга катышкан эл өкүлдөрүнүн баары макулдугун билдиришти.Малик Бектурганов буга чейин Башкы прокуратурада жетекчинин биринчи орун басары болуп иштеп келген. Ал көзөмөл органында көп жылдан бери эмгектенип, тажрыйба топтогон.Мыйзамга ылайык, парламенттин макулдугунан кийин башкы прокурорду расмий кызматка дайындоо жөнүндө тиешелүү жарлыкка өлкө президенти кол коет.Мамлекеттик катчы Марко Рубио Иран АКШга жасаган ар бир чабуулу үчүн мунай ташыган танкерлеринен кол жууй турганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды."Иран АКШнын кемелерине кол салуусун улантып жатат. Ар бир чабуулунан кийин танкерлеринен ажырай берет. Бүгүн да ошондой эле көрүнүш болсо керек", — деген саясатчы Колумбияда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып. Иран АКШ жана Израиль менен кыштан бери тирешүүдө. Ортодо кепке келүүгө аракеттер болгону менен андан майнап чыккан эмес.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/09/1103553401_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_3a70f93abbac0daf7e61664c02853d2d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио