БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Бириккен Араб Эмирлигинде болуп жаткан Азия кубогунда Кыргызстандын футбол командасы Филиппинди 3:1 эсебинде утуп алды.
Беттеш Дубайдагы "Мактум Бин Рашид Аль Мактум" стадионунда өттү.
Биринчи таймда кыргыз футболчусу Ахлидин Исраиловдун ашырып берүүсү менен Виталий Люкс эсеп санын ачып, команда 1:0 эсебинде алдыга чыкты. Экинчи таймдын 51-мүнөтүндө Люкс дагы бир топ киргизди. Кайра эле аталган оюнчу 77-мүнөттө атаандаштардын дарбазасына гол киргизип эсепти 3:0гө чыгарды.
Ал эми Филинпиндин оюнчуларын капитаны Штефан Шрёк 80-мүнөттө алгачкы тобун Кыргызстандын дарбазасына киргизүүгө жетишти. Ушуну менен кыргыз футболчулары тайпалык беттешти жыйынтыктады.
Кыргызстан менен Филиппин командалары буга чейин жолдоштук беттеште ойногон, анда кыргызстандыктар 1:2 эсеби менен утуп алган.