00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
3 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедненвные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:00
5 мин
Личный интерес
Археологическая экспедиция про наследие тюрков: какие открытия удалось сделать учёным
20:06
44 мин
Ачык кеп
Жатын моюнчасынын рагына чалдыкпаш үчүн аялдар менен эркектер эмнени билиши керек ?
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Кыргызстандык фермерлер Абердин-ангус породасындагы асыл тукум малды жылдык 3 пайыздык жеңилдетилген насыя аркылуу сатып ала алышат. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, насыяны "АБанк" же "Элдик Банк" аркылуу 5 жылга чейин алууга болот. "Жеңилдетилген мезгил 12 айга чейин берилет. 500 миң сомго чейин насыя күрөөсүз, ал эми 500 миң сомдон 20 млн сомго чейин күрөө менен берилет", - деп айтылат маалыматта. Насыя жактырылгандан кийин фермер "Кыргыз Агрохолдинг" менен келишим түзүп, асыл тукум малды сатып ала алат. Мал сатып алууда асыл тукум күбөлүгү, ветеринардык маалымкат, идентификациялык жана келип чыгышын тастыктаган документтер талап кылынат. Фермердин асыл тукум чарба статусуна ээ болушу милдеттүү эмес. Негизги талаптардын бири — малды багуу жана тоюттандыруу үчүн тиешелүү шарттардын, карантиндик зонанын жана ветеринардык тейлөөнүн болушу.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанга туристтерди тартууга чоң салым кошту. Бул тууралуу Кыргызстандын Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун биринчи орун басары Эрденет Касымов билдирди. Анын айтымында, кийинки жылдары Кыргызстанда туристтердин агымы көбөйүшү күтүлүүдө. "инфраструктураны өнүктүрүүгө, көрсөтүлүүчү туристтик кызматтардын сапатын жогорулатууга, ошондой эле кадр маселесин чечүүгө тиешелүү", — деди ал.
Кыргызстан бүгүн Астанада өткөн Түрк мамлекеттеринин жашыл каржылоо кеңешинин II жыйынында "жашыл" жана туруктуу каржылоо жаатындагы тажрыйбасын тааныштырды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди. Жыйын "Astana Finance Days 2026" эл аралык каржы форумунун алкагында өтүп, анда "жашыл" жана туруктуу каржылоону өнүктүрүү, ESG принциптерин киргизүү жана аймактык кызматташтык маселелери талкууланды. Кыргызстандын атынан Кыргыз фондулук биржасынын башкы директору Аида Чодулова чыгып сүйлөп, өлкөдө туруктуу өнүгүү долбоорлоруна инвестиция тартуу үчүн тиешелүү нормативдик, институционалдык жана каржылык база түзүлүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, 2022-жылдан бери Кыргыз фондулук биржасында туруктуу облигацияларды жайгаштыруунун көлөмү үч эсеге өскөн. Тартылган каражаттар "жашыл" экономика жана энергияны үнөмдөө, аялдар ишкердигин колдоо, социалдык инфраструктура жана экологиялык долбоорлорду каржылоого багытталган.
Россия чет элдик өнөктөштөрүнө жаңы авиатехниканы эч кандай чектөөсүз, баарына бирдей жана ачык шартта сунуштоого даяр. Бул туурасында РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова кезектеги брифингде айтканын Sputnik Ближнее зарубежье каналы жазды.Канал Россия өзү иштеп чыккан кыймылдаткычты өз учагына орнотуп, Индиядагы "Иннопром" көргөзмөсүнө учуп келгенин кабарлаган. "Ростех" жасаган ПД-8 авиациялык кыймылдаткычы сыноолордон ийгиликтүү өтүп, массалык өндүрүшкө чыгарууга даярдалды", — деп маалыматта айтылган. Өзүнүн технологиялык базасына таянып, бешинчи муундагы авиациялык кыймылдаткычтарды толук иштеп чыгып, аны жапырт өндүрө алган дүйнөдө беш гана мамлекет бар. Алар — Россия, АКШ, Улуу Британия, Франция жана Канада.
Жаңылыктар түрмөгү
0