https://sputnik.kg/20260908/1103529006.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
8–12-сентябрь күндөрү Евразия өлкөлөрүнүн окумуштууларын, эксперттерин жана жаш изилдөөчүлөрүн бириктирген "Евразия тандоосу" жаштар илимий жумалыгы өтүп... 08.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-08T15:00+0600
2026-09-08T15:00+0600
2026-09-08T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/08/1103528840_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_c7cf5fd6613841dde5e756c407f9dbce.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
8–12-сентябрь күндөрү Евразия өлкөлөрүнүн окумуштууларын, эксперттерин жана жаш изилдөөчүлөрүн бириктирген "Евразия тандоосу" жаштар илимий жумалыгы өтүп жатат. Иш-чаралар Кыргыз-Россия Славян университетинде жана Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылындагы "Ак-Бермет" эс алуу борборунда уюштурулууда. Саамалыктын алкагында IV Эл аралык жаштар аналитикалык конгресси жана биринчи жаштар демографиялык форуму өтүүдө. Катышуучулар демографиялык процесстерди, экономика, экология, социалдык жана саясий маселелерди, ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнүн коопсуздугу жана туруктуу өнүгүүсү боюнча маселелерди талкуулашат.Евразиялык маалыматтык-аналитикалык консорциумдун Координациялык кеңешинин төрагасы Николай Бордюжа жаштарды келечекти калыптандыруунун активдүү катышуучусу катары кароо керектигин белгиледи. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев болсо аналитикада жасалма интеллектини колдонуу зарылдыгына токтолуп, бирок технология адамдын ордун баса албай турганын белгиледи. Иш-чаранын негизги максаты — Евразия өлкөлөрүнүн жаш окумуштуулары жана эксперттери үчүн билим, идея жана тажрыйба алмашуучу аянтча түзүү экенин айтышты.
Баткен облусунда "Солидарность-2026-Кыргызстан" биргелешкен чек ара операциясынын негизги этабынын алкагында күч түзүмдөрүнүн жана өз ара аракеттенүү органдарынын катышуусунда бөлүштүрүү иш-чарасы өткөрүлдү. Аймактагы өкүлчүлүктөн билдиришкендей, иш-чара Баткен облусунун мамлекеттик администрациясынын алдында уюштурулуп, ага облустагы тиешелүү күч түзүмдөрүнүн жана өз ара аракеттенүүчү органдардын бөлүкчөлөрү тартылды. Бөлүштүрүүнүн жүрүшүндө чек ара операциясы учурунда колдонулуучу атайын автоунаалар, учкучсуз учуучу аппараттар, кызматтык жаныбарлар жана мамлекеттик чек араны кайтарууда пайдаланылуучу башка техникалык каражаттар көрсөтүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев жана Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Каныбек Рыскулов тарабынан биргелешкен чек ара операциясын сапаттуу жана уюшкандыкта өткөрүү боюнча кошумча тапшырмалар коюлду. Бөлүштүрүү учурунда коопсуздук эрежелери так сакталып, иш-чарага тартылган бөлүкчөлөр белгиленген кызмат өтөө аймактарына жөнөтүлдү
Минкаб келечектеги пенсиясын ойлогон мигранттар үчүн чектөөлөрдү алып салды Эми чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктар ыктыярдуу камсыздандыруу төгүмдөрүн аралыктан төлөй алышат. Буга чейин салык төлөөчү жеке кабинетине кириш үчүн салык кызматына барышы керек эле. Ошондой эле төгүмдөрдү банк картасы менен төлөп, телефон номери жок болсо, “Түндүк” аркылуу электрондук кол тамга алуу мүмкүн эмес болчу. Министрлер кабинети бул чектөөлөр алынганын билдирди.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Кытайдын Чанша шаарынан келген делегация менен жолугушту. Делегацияны Хунань провинциясынын эркин соода аймагынын пилоттук зонасынын жумушчу комитетинин катчысы, Кытай Коммунисттик партиясынын Чанша шаардык комитетинин Туруктуу комитетинин мүчөсү Чжоу Мин баштап келди.Тараптар шаар чарбасы, экология, инфраструктура жана инвестициялык долбоорлор боюнча кызматташууну талкуулашты. Жолугушууда Бишкекте катуу тиричилик калдыктарынан электр энергиясын өндүрүүчү завод куруу долбооруна өзгөчө көңүл бурулду. Долбоорго Чанша шаарындагы кытайлык Цзюнь Синь (Junxin) компаниясы катышууда. Мындан тышкары, Бишкек менен Чанша шаарларынын ортосунда боордош шаар мамилесин түзүү маселеси каралып, кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдарлык билдирилди.
8–12-сентябрь күндөрү Евразия өлкөлөрүнүн окумуштууларын, эксперттерин жана жаш изилдөөчүлөрүн бириктирген "Евразия тандоосу" жаштар илимий жумалыгы өтүп жатат. Иш-чаралар Кыргыз-Россия Славян университетинде жана Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылындагы "Ак-Бермет" эс алуу борборунда уюштурулууда. Саамалыктын алкагында IV Эл аралык жаштар аналитикалык конгресси жана биринчи жаштар демографиялык форуму өтүүдө. Катышуучулар демографиялык процесстерди, экономика, экология, социалдык жана саясий маселелерди, ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнүн коопсуздугу жана туруктуу өнүгүүсү боюнча маселелерди талкуулашат.Евразиялык маалыматтык-аналитикалык консорциумдун Координациялык кеңешинин төрагасы Николай Бордюжа жаштарды келечекти калыптандыруунун активдүү катышуучусу катары кароо керектигин белгиледи. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев болсо аналитикада жасалма интеллектини колдонуу зарылдыгына токтолуп, бирок технология адамдын ордун баса албай турганын белгиледи. Иш-чаранын негизги максаты — Евразия өлкөлөрүнүн жаш окумуштуулары жана эксперттери үчүн билим, идея жана тажрыйба алмашуучу аянтча түзүү экенин айтышты. Баткен облусунда "Солидарность-2026-Кыргызстан" биргелешкен чек ара операциясынын негизги этабынын алкагында күч түзүмдөрүнүн жана өз ара аракеттенүү органдарынын катышуусунда бөлүштүрүү иш-чарасы өткөрүлдү. Аймактагы өкүлчүлүктөн билдиришкендей, иш-чара Баткен облусунун мамлекеттик администрациясынын алдында уюштурулуп, ага облустагы тиешелүү күч түзүмдөрүнүн жана өз ара аракеттенүүчү органдардын бөлүкчөлөрү тартылды. Бөлүштүрүүнүн жүрүшүндө чек ара операциясы учурунда колдонулуучу атайын автоунаалар, учкучсуз учуучу аппараттар, кызматтык жаныбарлар жана мамлекеттик чек араны кайтарууда пайдаланылуучу башка техникалык каражаттар көрсөтүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев жана Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Каныбек Рыскулов тарабынан биргелешкен чек ара операциясын сапаттуу жана уюшкандыкта өткөрүү боюнча кошумча тапшырмалар коюлду. Бөлүштүрүү учурунда коопсуздук эрежелери так сакталып, иш-чарага тартылган бөлүкчөлөр белгиленген кызмат өтөө аймактарына жөнөтүлдүМинкаб келечектеги пенсиясын ойлогон мигранттар үчүн чектөөлөрдү алып салды Эми чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктар ыктыярдуу камсыздандыруу төгүмдөрүн аралыктан төлөй алышат. Буга чейин салык төлөөчү жеке кабинетине кириш үчүн салык кызматына барышы керек эле. Ошондой эле төгүмдөрдү банк картасы менен төлөп, телефон номери жок болсо, “Түндүк” аркылуу электрондук кол тамга алуу мүмкүн эмес болчу. Министрлер кабинети бул чектөөлөр алынганын билдирди. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Кытайдын Чанша шаарынан келген делегация менен жолугушту. Делегацияны Хунань провинциясынын эркин соода аймагынын пилоттук зонасынын жумушчу комитетинин катчысы, Кытай Коммунисттик партиясынын Чанша шаардык комитетинин Туруктуу комитетинин мүчөсү Чжоу Мин баштап келди.Тараптар шаар чарбасы, экология, инфраструктура жана инвестициялык долбоорлор боюнча кызматташууну талкуулашты. Жолугушууда Бишкекте катуу тиричилик калдыктарынан электр энергиясын өндүрүүчү завод куруу долбооруна өзгөчө көңүл бурулду. Долбоорго Чанша шаарындагы кытайлык Цзюнь Синь (Junxin) компаниясы катышууда. Мындан тышкары, Бишкек менен Чанша шаарларынын ортосунда боордош шаар мамилесин түзүү маселеси каралып, кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдарлык билдирилди.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/08/1103528840_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_06cc869df2ebf3516855549712ab49eb.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио