00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Жатын моюнчасынын рагына чалдыкпаш үчүн аялдар менен эркектер эмнени билиши керек ?
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
6 мин
Личный интерес
«Я вернулся, мама»: поисковики из Чечни вернули Кыргызстану имена 30 солдат, погибших при обороне Грозного 85 лет назад
16:07
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Нарын экономикасын тоо-кен эмес, айыл чарбасы сүйрөй алабы: эт корпорациясы эмне үчүн керек?
17:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
8 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Жалган маалымат таратып, тынч жаткан элдин башын айланткандарды чекесинен сылабайбыз. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин трибунасынан жалпыга кайрылып жатып билдирди.Эскерте кетсек, VII чакырылыштагы парламент ишин баштады. Өлкө башчысы жаңы дайындалган министрлердин ант берүү аземине катышып, андан кийин кайрылуу жасады. Жапаров пикир келишпестикти кастыкка, талкууну тирешүүгө, ар түрдүү маселени коомду бөлүп-жаруучу куралга айлантууга эч кимдин укугу жок экенин белгиледи. "Айрыкча, коомдук таасири бар, мамлекеттик жана саясий ишмерлер, айрым депутаттар, эксперттер, журналисттер жана блогерлер ар бир айтылган сөздүн артында коом алдындагы жоопкерчилик турарын унутпашы керек", — деди президент. Өлкө башчысы ошондой эле элди интернетте жалган пикир жазгандарды ээрчип кетпөөгө чакырды. Мындан тышкары, президент коррупцияга аралашкандар аеосуз жазаланарын дагы бир ирет эскертти.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев "Билим берүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун сунуштады. Документ коомдук талкууга коюлду. Сунушта ЖРТны биринчи жолу бюджеттин эсебинен тапшыруу, кийинкилерине акы төлөө ченемин калтыруу каралган.Мындан тышкары, мектеп формасына коюлуучу талаптарды мугалимдер менен ата-энелердин иштеп чыгышы сунушталууда. Форма светтик мүнөздө болуп, коопсуз, ыңгайлуу жана жеткиликтүү болушу, ошондой эле окуучулардын жашын, аймактын климатын, ден соолугун жана башка жагдайларды эске алышы керек. Муну менен катар кийими талаптарга жооп бербеген окуучуларды сабакка киргизбөө жана ата-энелерди форманы белгилүү бир жеткирүүчүлөрдөн сатып алууга мажбурлоого тыюу салуу сунушталууда; Ошондой эле мугалимдерди оңдоп-түзөө иштерине, айыл чарба жумуштарына, ишембиликтерге жана педагогикалык ишмердүүлүккө байланышпаган башка иштерге тартууга тыюуну күчөтүү. Талапты бузгандарга 7,5 миңден 23 миң сомго чейин айып салуу, ал эми мындай иштерди аткаруудан баш тарткан мугалимди жумуштан кетиргендерди 20 миңден 65 миң сомго чейин айыпка жыгуу сунушталууда.
Кыргызстан 10-сентябрдан тарта балык жеминин импортун алты айга чектей турганын айыл чарба министри Эрлист Акунбеков билдирди.Анын айтымында, өлкөдөгү төрт завод жылына 70 миң тонна жем чыгара алат, ал эми ички керектөө 20-30 миң тоннаны түзөт. Жергиликтүү жемдин килограммы 195-205 сомдон сатылары айтылды. Чектөөгө чейин төлөнүп, жолго чыккан товарлар гана өлкөгө киргизилет.Өлкөдө жалпысынан 566 балык чарбасы бар. Кыргызстан жылына 20 миң тоннага жакын балык өстүрүп, анын басымдуу бөлүгүн ЕАЭБ мүчөсү Россияга экспорттойт.
Жаңы салынган "Бишкек Арена" стадионунун футболдук газону октябрь айындагы расмий ачылыштан кийин даярдалат. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынан билдиришти.Маалыматка ылайык, октябрь айында стадиондун салтанаттуу ачылыш аземи өтүп, кыргызстандыктар үчүн ири маданий шоу-концерт уюштурулат. Ал эми футбол талаасынын газонун даярдоо жана төшөө иштери дал ушул концерттик иш-чарадан соң башталат. Бул процесс болжол менен 3-5 айга созулат.Эске салсак, Жазында 2030-жылкы дүйнө чемпионатынын жана 2031-жылкы Азия кубогунун тандап алуу этабы башталат.
Жаңылыктар түрмөгү
0