00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
6 мин
Тема дня
«Ожидаем изменения западных доктрин», - Шерадил Бактыгулов об итогах саммита ШОС в Бишкеке
10:07
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Касымалиев "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамга ылайык дайындалган пенсияларды 2026-жылдын 1-октябрынан тартып индексациялоо тууралуу токтомго кол койду. Токтом президенттин 2026-жылдын 10-августундагы "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамга ылайык дайындалган пенсияларды 2026-жылдын 1-октябрынан тартып индексациялоо тууралуу жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыкты. Токтомго ылайык, 2026-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо коэффициенти 1,20 өлчөмүндө белгиленди. Ошол эле учурда көбөйтүү 10 миң сомдон ашпоого тийиш. Мындан тышкары, пенсиянын базалык бөлүгүн жогорулатуу үчүн кошумча төлөмдөрдү эске алуу менен пенсиянын жалпы өлчөмү 8 800 сомдон кем эмес болот. Токтом 2026-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.
Президент Садыр Жапаров 7-сентябрда, акыйкатчы Жамиля Жаманбаеваны кабыл алып, адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо багытындагы маселелерди талкуулады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.Жолугушууда Акыйкатчы институтунун соңку жылдардагы ишмердигинин жыйынтыктары жана мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилди. Президент адам укуктарын сактоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп, кыйноо фактылары же жарандардын укуктары тебеленген учурларга өзгөчө көңүл бурду.Ал ошондой эле өлкөдө мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылууга жана жарандардын укуктарын бекем коргоого багытталган Акыйкатчы институтунун ишине мамлекет тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүлөрүн кошумчалады.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда майыптыгы бар 115 жаран атайын транспорт кызматынан пайдаланды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Оюндардын өтүшүн жеткиликтүү кылуу жана майыптыгы бар жарандарды коштоп жүрүү үчүн социалдык коргоо системасынын 100гө жакын кызматкери тартылган. Алар иш-чаралар өтүп жаткан аймактарда багыт алууга көмөктөшүп, зарыл болгон консультацияларды беришкен. Мындан тышкары, майыптык арабасын колдонгон жарандарды ташуу үчүн Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын 10 унаасы бөлүнгөн. Алар жарандарды "Газпром" спорттук комплексиндеги иш-чаралар өтүүчү жерлерге жеткирүүгө көмөктөшкөн. Ошондой эле оюндар учурунда ишеним телефону иштеп, ага 1,3 миңге жакын консультациялык кайрылуу түшкөн. Адистер жеткиликтүү инфраструктура жана иш-чаралар өтүп жаткан аймактарда багыт алуу боюнча маалымат беришкен. Министрликтин маалыматына ылайык, атайын транспорт кызматынан Кыргызстандын жарандары менен катар чет өлкөлүк коноктор да пайдаланган.
Жаңылыктар түрмөгү
0