Испания королу жарандык тапшырган. Гандболчу Талант Дүйшөбаев тууралуу 7 факты

© AFP / CARSTEN REHDERОлимпиада, дүйнө чемпиону аталып, ХХ кылымдагы "дүйнөдөгү эң мыкты гандболчу" деген сыйлыкка татыктуу болгон Талант Дүйшөбаевдин архивдик сүрөтү
Олимпиада, дүйнө чемпиону аталып, ХХ кылымдагы дүйнөдөгү эң мыкты гандболчу деген сыйлыкка татыктуу болгон Талант Дүйшөбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз уулу Талант Дүйшөбаевди Европа жакшы билет. Себеби ал Олимпиада, дүйнө чемпиону аталып, ХХ кылымдагы "дүйнөдөгү эң мыкты гандболчу" деген сыйлыкка татыктуу болгон.

Бул күндөрү 50 жашка толуп жаткан гандболчу тууралуу кызыктуу жети фактыны спорт журналисти Кабыл Макешов сунуштайт.

Баскетболчу болбой калган

Кыргызский борец греко-римского стиля, чемпион Азии, призер чемпионата мира Раатбек Санатбаев и спортивный журналист Кабыл Макешов - Sputnik Кыргызстан
Мыкты сүрөтчү же режиссер чыкмак... Каман алптын тукуму Раатбек Санатбаев тууралуу
Талант Ибраимович 1968-жылы 2-июнда Бишкек шаарында кызматчынын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ал кенедейинен баскетболго кызыгып, бирок баскетболчу болбой калган. Себеби, ал жашаган кичи райондо спорттун ушул түрү боюнча ийрим жок эле. Ал эми гандбол кружок болгондуктан, 11 жашынан Кыргызстанга эмгек сиңирген устат Валерий Захарчук аттуу белгилүү машыктыруучудан таалим-тарбия ала баштаган. Ошондон кийин гандбол Талант Дүйшөбаевдин өмүрүнүн бир бөлүгү болуп калган. Захарчуктун командасында бат эле лидер болуп, союздук көптөгөн турнирлерге катышкан. 1985-жылы күзүндө Фрунзеде бүткүл союздук турнир болуп, эң кыйын ага москвалык "Кунцево" командасы да келген. Анын машыктыруучулары Талант Дүйшөбаевди көрүп, турнирден кийин Москвага атайын чакырып алып кетишкен. 14 жашында СССРдин өспүрүмдөр, 15 жашында республиканын курама командасында жана "Буревестник" командаларында ойногон. 18 жашында Москванын "Искра", беш ай өтпөй атактуу "ЦСКА" командасынын катарына кабыл алынган. Алгачкы кадамы шар болуп, уландар арасында Европанын, дүйнөнүн биринчилигинде чемпион болуп, келечегинен үмүт арттырган. Баланын абдан чыдамкайлыгы, майтарылбас эрки, оюнду уюштура билүү жөндөмү бардыгынын көзүнө илинген. Анан да абдан кичипейил, жөнөкөй мүнөзү менен кандай команда болбосун, тил табыша билгени, интеллектуалдык маданияты да жеңиштердин башаты болсо керек.

Дүйнөдөгү эң мыкты гандболчу

Атактуу суучул, сууда сүзүү боюнча СССРдин эл аралык спорт чебери, Кыргызстандагы XX кылымдын эң мыкты спортчусу аталган, Европанын, СССРдин чемпиону Ахмед Анарбаев - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көл менен Байкалды сүзүп өткөн суучул Ахмед Анарбаев тууралуу 7 факты
Талант Дүйшөбаев "дүйнөдөгү эң мыкты гандболчу" деген сыйлыкка эки ирет татыктуу болгон. Мындай урмат-сыйга алгач 1994-жылы арзыган. Эки жылдан кийин Барселона Олимпиадасында Шериктеш өлкөлөрдүн командасын баштап барып, акыркы финалдык таймашта, оюн аяктарына 11 секунда калганда чечүүчү топту киргизип, чемпиондук наамга жеткирген. Кырдаал абдан татаал, атаандаштык маанайда эле. Финалда шведдер менен ойноп жаткан. Оюндун аяктаарына саналуу секундалар калган. Эсеп тең-тең болчу. Кыргыз жигити анык чеберчилигин, мыкты даярдыгын көрсөтүп, акыркы ирмемде чечүүчү топту киргизип, алтын медаль менен бирге Олимпиада чемпиондук наамга арзыган. Бул топ — эң кооз, сонун гол деп эсептелип, Талантка "Барселона Олимпиадасынын эң мыкты чабуулчусу" деген сыйлык ыйгарылган. Ошентип ал дүйнөгө кыргыз өңүн тааныткан. Ал эми 1996-жылы Атланта Олимпиадасынын жыйынтыгы боюнча адистер, дүйнөлүк спорт журналисттери Испания командасын коло байгеге жеткирген Таланттын чеберчилигин өтө жогору баалап, ага эң көп 1586 упай беришкен. Ал эми экинчи орундагы швед Мате Олссондун рейтинги болгону 108 упайга жеткен.

Беш ирет команданын капитаны болушу

Атактуу ЦСКА дүңгүрөп турганда, Дүйшөбаев спорт ротасында кызмат өтөп жүрүп, ЦСКАнын кадыр-баркын жогору көтөргөн. Аны СССРдин курама командасына мүчөлүккө алып, ишеничтин отун жакты. Мына ушул учурда жылдызы жанып, СССРдин гандболчулары Дүйнө кубогу менен биринчилигинде баш байгени жеңип "ЦСКА"-Европа чемпиондор кубогуна ээ болгон. Ал учурунда ЦСКАнын, СССРдин, Шериктеш өлкөлөрдүн, Россиянын жана Испаниянын гандбол боюнча тандалма командаларынын капитаны болуп, команданы оюнга баштап, жеңиштерге шыктандырып турган. 1993-жылы Россия курама командасынын катарында дүйнөнүн чемпиону болгон жана ушул жылы Дүйшөбаев Испаниянын "Кантабрия" деген клубу менен келишим түзүп, Испанияга көчүп кеткен.

Спорттогу жеңиштери, олимп бийиктиги

90-летие кыргызской балерины Бюбюсары Бейшеналиевой - Sputnik Кыргызстан
Бий үчүн жаралган... Балет ханышасы Бүбүсара Бейшеналиева тууралуу 7 факты
Анын жеңиштерин санап отурсак узун тизме болоор. Ошондуктан айрымдарын гана айталы: 1990-жылы Сиэтл шаарында (АКШ) болуп өткөн "Ак ниет, аруулук оюндарында", 1992-жылы Барселона шаарындагы (Испания) Олимпиада оюндарында, 1993-жылы Швециядагы дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынган. Испания суперкубогунун үч жолку ээси, Испаниянын 4 жолку чемпиону, 1995–97-жылдары Испания кубогунун, клубдар арасындагы дүйнө кубогунун жеңүүчүсү, 1996-жылы Европа биринчилигинин (Испания) күмүш, Атланта Олимпиада оюндарынын коло, 1998-жылы Европа чемпионатынын (Италия) күмүш медалынын ээси болгон. 1994–96-жылдары "Handbal World Magaяine" журналынын иликтөөсү боюнча дүйнөнүн Исландия (1995) жана Японияда (1997) болуп өткөн дүйнө чемпионатында, Европа биринчилигинде (Испания, 1996) мыкты оюнчу катары таанылган. 2000-жылы Сидней олимпиадалык оюндарында Испаниянын командасына экинчи коло медалды утуп берүүгө салым кошкон. Ошол жылы Европа чемпионатында да үчүнчү орунду камсыз кылган.

Испаниянын жараны, Польшанын башкы устаты

1993-жылы Испаниянын Сантадер шаарындагы бир да жолу мөрөй албаган клубу менен келишим түзгөн. Бул жерде да Талант мыктылыгын айгинелеп, команданы бир нече ирет Испаниянын чемпиону кылып, Европа чемпиондор Кубогун эки жолу жеңип чыгуусуна зор салым кошкон. Ал 1995-жылдан бери Испаниянын жараны, ага атуулдук укукту Испаниянын королу өзү тапшырып, ишеним көрсөтүп Испаниянын курама командасына капитан кылып дайындап, жакшы шарт түзүп, камкордукка алган. Ал Испаниянын, Германиянын, Венгриянын, Польшанын гандбол клубдарында келишим менен ойногон. Алар: "Кантабрия" (Сантандер, Испания) (1992—1997), "Неттельштедт" (Люббекке, Германия) (1997—1998), "Минден" (Германия) (1998—2001), "Сьюдад-Реаль" (Испания) (2001—2005, 2006—2007).

Дүйшөбаев 28 жашында Испаниянын Спорт академиясында билим алып, кесипкөй машыктыруучу адистигине да ээ болгон. 39 жашында гана оюнду токтотуп, машыктыруучулук менен алектенип келет. Алгач оюнчулар менен бирге ойногон устат болгон. Себеби, жаштарга гандбол сырларын үйрөтүү үчүн өзү да ойноого мажбур эле. Ал төмөнкү клубдарда машыктыруучу болуп иштеди: "Сьюдад-Реаль" (Испания) (2005—2011), "Атлетико" (Мадрид, Испания) (2011—2013) устат болсо, 2014 –жылдан бери "Виве" (Кельце, Польша) клубунда иштейт. Мындан сырткары, 2014-2016-жылдары Венгриянын гандбол боюнча эркектердин тандалма командасынын башкы устаты болгон. Ал эми 2016-жылдан бери гандбол боюнча эркектердин тандалма командасыны башкы устаты болуп иштеп келүүдө. Рио-де-Жанейро олимпиадасында Польша командасы жарым финалга чейин жетип, 3-орун үчүн беттеште Германия курама командасына 31:25 эсебинде утулуп калган. Ден соолук болсо, 65 жашка чейин машыктыруучу болуп иштесем деген тилекте.

© AFP / SASCHA SCHUERMANNУлуту кыргыз, бирок Испаниянын жараны Талант Дүйшөбаев Европад таанылган бирден-бир, күчтүү гандболчу, машыктыруучу. 50 жашка чыкты, Алекс жана Даниэль аттуу эки уулу бар.
Испания королу жарандык тапшырган. Гандболчу Талант Дүйшөбаев тууралуу 7 факты - Sputnik Кыргызстан
Улуту кыргыз, бирок Испаниянын жараны Талант Дүйшөбаев Европад таанылган бирден-бир, күчтүү гандболчу, машыктыруучу. 50 жашка чыкты, Алекс жана Даниэль аттуу эки уулу бар.

Спортко сиңирген эмгек, "Манас" орденинин ээси

2000-жылы дүйнөнүн ХХ кылымынын экинчи эң мыкты гандбол оюнчусу болуп таанылган. Анын алдында швециялык спортчу, Олимпиаданын 3 жолку жана дүйнөнүн 2 жолку чемпиону Магнус Висландер турат. Ал эми 3-гандболчу жалгыз үч олимпиадалык алтыны бар орусиялык дарбазачы Андрей Лавров. Мындан тышкары, Эл аралык гандбол федерациясынын сыйлыгын алган. 2006-жылы Испаниянын "Спорттогу сиңирген эмгеги үчүн" орденине арзыган. Кыргыз спортун дүйнөлүк аренага тааныткандыгы үчүн ага "Кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер" деген ардак наам ыйгарылган. 2017-жылы Талантты III даражадагы "Манас" ордени менен сыйлоо боюнча президенттин Жарлыгы чыккан.

Гандболчулардын династиясы

Жубайы Ольга Шишкина да СССРдин гандбол боюнча кыздар арасындагы курама командасында ойногон. Анын дагы ийгиликтери Таланттыкынан кем эмес. Кыз-келиндер арасындагы дүйнө чемпиону болгон. Экөөнү гандбол оюну табыштырган. Москвада өткөн кайсы бир оюнда таанышып, жылдыздары келишип баш кошкон. 1992-жылы туулган тун уулу Алекс дагы ата жолун жолдоп, жашынан гандбол менен машыгып, Испаниянын тандалма командасынын курамында ойноп, атасындай Олимпиада, дүйнө чемпиону болууну тилек кылып жүрөт. Ал учурунда Польшанын "Виве" (Кельце) клубунда ойносо, учурда Македониянын" Арагон" клубунда ойноодо. Кичүү уулу Даниэль да гандбол боюнча Испаниянын жаштар тандалма командасынын курамында ойноп, былтыр жаштар арасында дүйнө чемпиону болду. Ошондой эле ал "Барселона" клубунун намысын да коргоду. Бул үй-бүлөдө Талант — мусулман, Ольга — христианин, уулдары Алекс менен Даниэль католик дин ишенимдерин карманат. Аларды толеранттуу үй-бүлө десек жарашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0