Ысык-Көл менен Байкалды сүзүп өткөн суучул Ахмед Анарбаев тууралуу 7 факты

© Sputnik / Табылды КадырбековАтактуу суучул, сууда сүзүү боюнча СССРдин эл аралык спорт чебери, Кыргызстандагы XX кылымдын эң мыкты спортчусу аталган, Европанын, СССРдин чемпиону Ахмед Анарбаев
Атактуу суучул, сууда сүзүү боюнча СССРдин эл аралык спорт чебери, Кыргызстандагы XX кылымдын эң мыкты спортчусу аталган, Европанын, СССРдин чемпиону Ахмед Анарбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
30-майда атактуу суучул, сууда сүзүү боюнча СССРдин эл аралык спорт чебери, Кыргызстандагы XX кылымдын эң мыкты спортчусу аталган, Европанын, СССРдин чемпиону Ахмед Анарбаев 70 жашка толду. Бул адам кезегинде Ысык-Көл, Беринг кысыгын жана Байкал көлүн туурасынан сүзүп өткөн.

Даңазалуу суучул тууралуу 7 фактыны спорттук журналист Кабыл Макешов сунуштайт.

Суу дүйнөсү жана 13 жаш. Ахмед Анарбаев 1948-жылы 30-майда Кара-Балта шаарында туулган. Ата-энеси Бишкек калаасына көчүп келет да, 13 жашында сууда сүзүү менен машыга баштаган. Шаар биринчилигинде үч аралыкта I орунду ээлеп, адистердин көңүлүн бурган. Алгачкы устаты Владимир Быков болгон. Кийин устаттар Венномин Ахрамеевден, Рустам Хамзинден таалим-тарбия алган.

Серебряный призер Олимпийских игр в Пекине Канатбек Бегалиев - Sputnik Кыргызстан
"Күмүш бала", баатыр ата Канат Бегалиев 34 жашта! Балбан тууралуу 7 факты
Кыргыздардан чыккан алгачкы кесипкөй суучул. Анарбаевди айрымдар өңү-түсүнө карап улуту өзбек деп жаңылыш айтып жүрүшөт. Ал кыргыздардан чыккан алгачкы кесипкөй суучул. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия инсититутун бүткөн. Кыргызстандан алгач ирет олимпиадалык оюндарга катышкан биринчи суучул. КРди Маданиятына эмгек сиңирген ишмер болсо дагы персоналдык пенсия албай калган. Атактуу суучул учурда 8 миң сом гана пенсия алат.

Чемпион, рекордчу, байгелердин ээси. Спорттогу жетишкендиктери. 1968-жылы Мексиканын борбору Мехико шаарында өткөн жайкы олимпиадалык XIX оюндарга катышкан. 1968-69-жылдары СССРдин чемпионатында коло байге уткан. СССР элдеринин IV спартакиадасында (1967-жылы) 5-орунду ээлеп, Европа кубогунда 4х200 метрлик эстафеталык сүзүүдө алтын медаль уткан. Дүйнөлүк студенттердин Универсиада оюндарында (1970-жылы) эки күмүш медалдын ээси болгон. Ошондой эле Барселонадагы Европа биринчилигинде II орунду камсыз кылган. Сууда сүзүү боюнча 20дан ашык рекорддун ээси. СССРдин, Европанын рекорддорун бир нече ирет жаңырткан. Спорт ардагерлердин арасында сууда сүзүү боюнча СССРдин, Европанын көп жолку жана дүйнөнүн чемпиону болгон.

Ысык-Көлдү туурасынан үч ирет сүзүп өткөн. Албетте, бул көптөрдү таңгалдырган. Биринчи жолу 1982-жылы Кызыл-Суудан (мурдагы Покровка) Ананьево айылына чейинки 36 чакырым аралыкты 11 саатта сүзүп өткөн. Экинчи ирет 1985-жылы Тамга айылынан Чолпон-Ата шаарында чейинки 60 чакырымдан ашуун аралыкты багынтууга камынып, кечки саат жетиде аттанган. Ошол учурда Ысык-Көлдө шамал ойноп, жамгыр жаап, толкун түрүлүп, суу муздак болгонуна карабай чыныгы эрдик көрсөтүү менен алты саатка чейин сүзүп барган. Аны коштоп жүргөн теплоходдогу адистер үч ирет жоготуп, биринчисинде 1 саат 20 мүнөттөн кийин, экинчисинде 40 мүнөттөн кийин, үчүнчү ирет 20 мүнөттөн кийин араң табышкан. Ошондуктан коопсуздук үчүн алты сааттан соң бул демилге токтотулган. 1991-жылы росиялык, казакстандык суучулдар менен биргеликте кайрадан баягы өнөрүн колго алган. Үч ирет Тамга айылынан Чолпон-Ата шаарында чейинки суу ичиндеги 60 чакырымдан ашуун аралыкты 12 саатта басып өткөн.

Беринг жана Байкалдагы каармандык. Анарбаев Россия жана АКШ суучулдары менен бирге Беринг кысыгында да ушул каармандыгын кайталаган. Беринг кысыгындагы Ратманов аралынан Кичи Диомид аралына чейинки 33 чакырымды басып өткөн. АКШ виза бербей койгондуктан, марафон андан ары уланбай калган. Мындан тышкары Байкал көлүндөгү муздак сууда сүзүү марафонунун катышуучусу болгон. Ал россиялык, казакстандык суучулдар менен бирге 36 чакырымды да 12 саатта сүзүп өткөн

© Sputnik / Табылды КадырбековАнарбаевди Улуттук олимпиада комитети Кыргызстандагы ХХ кылымдагы эң мыкты спортчусу деп атап, Алтын орден менен сыйлаган
Кыргызстанский пловец Ахмед Анарбаев - Sputnik Кыргызстан
Анарбаевди Улуттук олимпиада комитети Кыргызстандагы ХХ кылымдагы эң мыкты спортчусу деп атап, Алтын орден менен сыйлаган

Сууда сүзүү федерациясын негиздеген инсан. Анарбаевди Улуттук олимпиада комитети Кыргызстандагы ХХ кылымдагы эң мыкты спортчусу деп атап, Алтын орден менен сыйлаган. Бул адам өлкөбүздүн сууда сүзүү федерациясын негиздеп, биринчи президенти болуп, суучулдарды даярдоого зор салым кошкон. Учурда Бишкек шаарында жашайт.

Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Дайыр Асанов - Sputnik Кыргызстан
Душманды жалгыз жок кылган. Генерал-майор Дайыр Асанов тууралуу 7 факты
"Спирт ичимдигин татпы көргөн жан эмесмин". Анарбаевди ушул жашка келгени пиво жана арак ичип көргөн эместигин айткан жайы бар. Сууда сүзүүдөн сырткары гребля, кайык спорту менен да алектенип, тоодо чуркоону адат кылып алган. Кызыкчылык үчүн жеңил атлетика жарыштарына да катышкан учурлары болгон. Учурунда СССРдин тандалма командасынын Кыргызстандагы мамлекеттик машыктыруучусу болуп, беш жыл иштеген. Кийин Кыргызстандын тандалма командасынын башкы устаты болуп, жаштарга сууда сүзүү сырларын үйрөткөн. Өз каражатына ардагер спортчулар арасындагы дүйнө, Европа чемпионаттарына катышып жүрөт. Жубайы Татьяна Анарбаева кесиби-котормочу, учурда ардактуу эс алууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0