2006-жылдын 8-январынын түнүндө борбордун 7-кичирайонундагы Орунбек Санатбаевдин үйүнүн жанындагы күркөлөрдүн биринен соода кылып, бейкапар чыгып келе жаткан Раатбекке бейтааныш адамдар бир нече жолу ок чыгарышкан. Ошентип спортчу кырчындай 36 жаш курагында ооруканага жетпей каза табат. Маркумдун сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө 10-январда коюлган.
Раатбек Каман алптын урпагы эле
Раатбек жан дүйнөсүнүн тазалыгы, бийик адамгерчилик сапаты менен эл оозунда айтылып келген. Канча жолу чемпион болсо да жөнөкөй болуп, көкүрөк каккан эмес. Эл менен жылуу саламдашып, эч кимдин көңүлүн калтырган жок. Чындыгында Раатбек спортчулар, спорт күйөрмандары үчүн идеал эле. Спортзалга кирип калса да жаш балдардын көңүлүн көтөрүп, улуу- кичүүнүн баарын сыйлап турчу.
Бабасы Каман алп аталып, токойдон каманды чыңырта кармап, жара тарткан балбан экени айтылат. Раатбектин чоң атасы Санатбай бүткүл өрөөнгө таанымал улакчы, эр эңишке, күрөшкө түшкөн балбан экен. Раатбектин таятасы Калы да узун бойлуу, кең далылуу, өндүү-түстүү, эмгекчил, карылуу адам болгон.
Атасы Калыбек уулунун дүйнө чемпиону болоруна ишенген
Раатбектен мыкты сүрөтчү же режиссер чыкмак…
Кээде аны мен чыгармачыл адамдарга окшоштурам. Композитор, же режиссер, сүрөтчү чыкмак окшойт деп ойлоп кетем. Айрыкча сүрөт тартууга абдан шыктуу эле. Кээде бул теманы кино кылып тарсак мыкты чыгарма болмок деп калчу. Спортчулар тууралуу даректүү кино тартсак деп тилек кылаар элек. Чыгармачыл адамдарга жакын, жан дүйнөсү бай адам болчу. Досторунун көбү чыгармачыл инсандар эле. Сыймык Бейшекеев, Мерген Турган, Бек Борбиев, белгилүү ырчылар Майра Керим кызы, Роза Аманова менен достук мамиледе жүрчү. Жазуучу эжелери Меңди Мамазаирова менен Рабиха Алыбаева менен да ынак, бир туугандай эле.
Моюндагы милдет
Бөтөн жерде 10 жылдай жашаса да акчага, байлыкка азгырылбай Раатбек мелдештерге дайыма Кыргызстандын желегин менен чыгып жүрдү. Бир туугандай жакын болуп калган Турлыханов да анын патриоттуулугун туура түшүнүп, каршы болгон эмес. 2000-жылдары ал Казакстандан Кыргызстанга кайтып келген. Кыргыз жаштарын туура жолго багыттап, тарбия берүү менин милдетим деп эсептечү. "Мен өзүмдүн кыргыз жеримди, жигиттерди көтөрбөсөм ким көтөрөт? Бул жерде жаштар ичкиликке берилип, жаман жолго түшүп жатса менин бөтөн жерде жүргөнүм жарашпайт" деп айтып калаар эле. Санатбаевден таалим алган Руслан Түмөнбаев, Канатбек Бегалиев 2008-жылкы Пекин олимпиадасынан байгелүү келгени баарыбызга белгилүү.
Устаттары
Күрөшкө кызыктырган классташы Нурмамбет болуп, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, "Тапанча палван" атыккан Ибрагим Узаков күрөш сырларын 3-классынан баштап үйрөтүп, 6-классты бүткөндө Бишкек шаарындагы Н.Крупская атындагы (учурда Ш.Сыдыков атындагы Республикалык олимпиадалык резерв окуу жайы) жатак спорт мектебине алып келген. Аны Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Петр Цапля машыктыра баштайт. Раатбектин дүйнөлүк деңгээлдеги балбан болушуна казак устаттары Даулет Турлыханов менен Эржан Ахметов, Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Алмазбек Касенов да зор салым кошкон. Спорт мектебин аяктаган Раатбек Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтуна кабыл алынып, аны Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Василий Баканач машыктырган. Ал Раатбек баштаган балбандарды 1987-жылы грек-рим күрөшү боюнча Ташкент шаарында өткөн СССР баатыры Сабир Рахимовдун ысымына арналган турнирге алып барган. Бул мелдеште Раатбек финалга чейин жетип, экинчи орунга татып, "СССРдин спорт чебери" деген наамдын талабын аткарган. Бул турнир чоң спортко жолун ачкан.
Раатбекке ыраа көрүлбөй калган наам
Учурунда Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Ташиевдин Раатбек Санатбаевге КРдинБаатыры деген эң жогорку наамды, "Ак Шумкар" өзгөчө белгисин ыйгаруу сунушун парламенттеги бардык фракциялар макул болгону менен бул демилге ишке ашпай калган. Ошол учурдагы президент Курманбек Бакиев, кийинки өлкө башчылары Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаев тарабынан колдоого алынбай калганы өкүнүчтүү.
Таланттын баары айылда дечү
Көзү тирүү кезинде Раатбек Санатбаев менен көп ирет кездешип, спорт тууралуу далай маек курчу элек. Бир ирет Санатбаев кыргыз спортун көтөрүү үчүн элет спортуна көңүл буруу керектигин айтып берген эле.
"Биринчи кезекте айыл спортуна, элеттик жаштарга өзгөчө көңүл буруп, атайын программа кабыл алып, район, шаар жана айыл өкмөт башчыларын милдеттендирип койсо жакшы болоор эле. Кыргыз спортунун тамыры, келечеги айылда. Айыл-кыштактардагы таланттуу жаштардын багы ачылбай келүүдө. Дене тарбия, спорт тууралуу мыйзам да чийки. Ага толуктоолорду киргизүү керек", — деген эле маркум Раатбек.
Кыргыз спортунун сыймыгы эле
Өзүнө эстелик тургузган
Раатбектин ысымы Бишкек шаарындагы "Чыгыш-5" кичирайонундагы спорт комплексине жана балдар спорт мектебине, Жалал-Абад шаарындагы 9-орто мектепке, балдар спорт мектебине ыйгарылган. Ар жыл сайын Кожомкул атындагы спорт ордосунда грек-рим күрөшү боюнча Раатбек Санатбаевди эскерүүгө арналган эл аралык турнир өткөрүлүп келүүдө.
Өз атадай өкүл ата, өз энедей өкүл апа
Раатбек гандбол боюнча Кыргызстандын кыз-келиндер командасынын мүчөсү болгон Сайрага 1994-жылы үйлөнүп, алар 12 жыл бирге жашаган. Жубайы Сайра Бишкектеги Раатбек Санатбаев атындагы балдар спорт мектебинде директордун орун басары болуп иштеп жүрөт. Тун уулу Бексултан мамлекеттик кызматкер. Экинчи уулу Даулет Алматы шаарында жеке бизнес менен алектенет. Кызы Асема 8-класстын окуучусу.