Азаматтар! Кикбоксчулар Касымбеков менен Аманбеков Азия чемпиону болушту

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык кикбоксчу Авазбек Аманбеков. Архив
Кыргызстандык кикбоксчу Авазбек Аманбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки спортчу тең дүйнө чемпиону болгондуктан мелдешти дароо финалдан баштап, кикбокстун лоу-кик бөлүгүндө чемпион аталышты.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Кыргызстандык кикбоксчулар Улан Касымбеков менен Авазбек Аманбеков Азия чемпионатында алтын медалга ээ болушту. Бул тууралуу маалыматты спортчулар өздөрү тастыктады.

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык кикбоксчу Улан Касымбеков
Чемпион мира по кикбоксингу, кыргызстанец Улан Касымбеков - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык кикбоксчу Улан Касымбеков

Эки спортчу тең дүйнө чемпиону болгондуктан мелдешти дароо финалдан баштап, кикбокстун лоу-кик (бут менен көбүрөөк иштөө. — ред.) бөлүгүндө чемпион аталышты.

Боец смешанных единоборств Барчынай Узгенбаева - Sputnik Кыргызстан
Узгенбаева WEF Global турнириндеги кыздардын алгачкы беттешине чыгат
Касымбеков 54 килограмм салмак ченинде индиялык мушкер Сушим Кумарды беттештин экинчи раундунда хай-кик (бут менен сокку узатуу — ред.) ыкмасы менен жеңсе, Аманбеков 57 килограмм салмак категориясында ирактык Жасим Алмиртаханы упайдын эсебинду утту.

Улан Касымбеков — Азиянын үч жолку чемпиону (2012, 2015, 2018), дүйнө чемпиону (2015), дүйнө кубогунун эки жолку ээси (2012, 2014). Спорттон тыш ырчылык менен алектенет.

Авазбек Аманбеков — Азиянын эки жолку чемпиону (2017, 2018), Азия оюндарынын чемпиону (2017), дүйнө чемпиону (2013-жыл). Улуттук гвардиянын лейтенанты.

Жаңылыктар түрмөгү
0