Паралимпиадачы Жыргалбек Оросбаев Дүйнө кубогунда күмүш тагынды

© Фото / пресс-служба ГАМФКиСКыргызстандык паралимпиадачы Жыргалбек Оросбаев пауэрлифтинг боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасындагы Дүйнө кубогунда күмүш тагынды
Кыргызстандык паралимпиадачы Жыргалбек Оросбаев пауэрлифтинг боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасындагы Дүйнө кубогунда күмүш тагынды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дубай шаарында өткөн мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасындагы Дүйнө кубогу кыргызстандыктар үчүн ийгиликтүү аяктады

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Кыргызстандык паралимпиадачы Жыргалбек Оросбаев пауэрлифтинг боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасындагы Дүйнө кубогунда күмүш тагынды. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты

16-февралда башталган турнир бүгүн, 22-февралда, жыйынтыкталат. Анда Оросбаев мелдештин чечүүчү бөлүгүндө 200 килограммдык штанганы көтөрүп, күмүш медалды багындырды. Буга чейин Эсен Калиев дагы 163 килограммды көтөрүп, экинчи орунду алган.

Соревнования по лыжному хафпайпу в рамках Олимпийских игр в Пхенчхане - Sputnik Кыргызстан
Олимпиадага алдамчылык менен барган америкалык спортчу аныкталды
Турнирге Кыргыз Республикасынын Дубай шаарындагы башкы консулу Айбек Маматбеков да келип, спортчуларга сыйлыктарын тапшырды.

Күмүш тагынган спортчулардан тышкары Сагынбек Махаматкул уулу 157 килограммды көтөрүп төртүнчү, ал эми Максат Аргымбаев 150 жана Адилет Камчыбеков 170 килограммды көтөрүү менен өз салмак чендеринде алтынчы орунду ээлешти.

Спортчуларды иш-сапарга жөнөтүү үчүн спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынан 552 миң сом бөлүнгөн.

Ушул тапта Түштүк Кореяда кышкы Олимпиада оюндары өтүп жатат. Анда кыргызстандык лыжачы Евгений Тимофеев тоо лыжасынын слалом дисциплинасы боюнча мыкты 40 спортчунун катарына кирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0