https://sputnik.kg/20260721/1102517895.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров гендердик теңчилик маселелери боюнча мыйзамга кол койду. Ага ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кадрдык курамында бир... 21.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-21T11:00+0600
2026-07-21T11:00+0600
2026-07-21T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/15/1102517729_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_4a7826392434febbc1353a7f01f6ff40.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров гендердик теңчилик маселелери боюнча мыйзамга кол койду. Ага ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кадрдык курамында бир жыныстын өкүлдөрү 70 пайыздан ашпоого тийиш. Бул талап чечим кабыл алуучу кызматтарды да камтыйт. мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кабыл алууда, кызмат боюнча көтөрүүдө жана кадрлар резервин түзүүдө аялдар менен эркектердин тең санын камсыз кылуу талап кылынат. Эгер бир кызмат ордуна квалификациясы бирдей эки талапкер өтсө, артыкчылык ошол мекемеде саны аз болгон жыныстын өкүлүнө берилет; бирдей бааланган эмгек үчүн аялдар менен эркектерге бирдей эмгек акы төлөнүшү керек. Ошондой эле жумуш жарыяларында "эркектер гана" же "аялдар гана" деп жазууга, эгер ал иштин табияты сөзсүз ушуну талап кылбаса, тыюу салынат; мыйзамда үй-бүлөлүк милдеттерди аткаруу аялдардын гана эмес, эркектердин да бирдей жоопкерчилиги экени белгиленген.документ ошондой эле жумуш орундарында сексуалдык асылууга жана гендердик зомбулукка каршы талаптарды күчөтөт. эгер адам жынысына байланыштуу жумушка алынбаса, айлыгы аз төлөнсө, кызматтан мыйзамсыз четтетилсе же сексуалдык асылууга кабылса, ал сотко, прокуратурага же акыйкатчыга кайрыла алат. Документ расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Евразия экономикалык биримдигинде (ЕАЭБ) дары-дармекти каттоо эрежелерин өркүндөтүүгө багытталган жаңы сунуштамалар даярдалды. Бул тууралуу уюмдун маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык, дары-дармектердин курамындагы негизги активдүү заттын аталышын ЕАЭБге мүчө бардык өлкөлөрдө бирдей атоо сунушталууда. Бул дары каражаттарын каттоо жана колдонуу процессин шайкеш келтирүүгө жардам берери белгиленет. Мындан тышкары, эксперттер гель жана май түрүндөгү дары-дармектерди текшерүүдө донордук теринин ордуна жасалма мембраналарды колдонууга макул болушту. Бул изилдөөнү арзан жана жеңил жүргүзүүгө шарт түзөт. Жактырылган сунуштамалар ушул жылдын август-октябрь айларында өтө турган ЕАЭБдин тиешелүү жыйындарында каралат.
Кочкор-Атада жылына 450 миң тонна мунай иштете ала турган завод курулуп жатат. Минкаб менен “Борбордук Азия энергетикасы” ЖЧКсы инвестициялык келишимге кол койду. Долбоорго жумшала турган каражаттын көлөмү 25 млн доллар. Ишканада К-5 жана К-6 экологиялык класстагы бензин менен дизель майы чыгарылып, битум жана мотор майлары өндүрүлөт. Кеминде 300 жумуш орду түзүлүп, кыргыз жарандары 90 пайыздан кем болбошу керек. Долбоордун биринчи этабын 2026-жылдын аягына чейин ишке киргизүү пландалууда.
Ортомчулар Вашингтон менен Тегеранга атышууну токтотуу боюнча сунуш бергенин Axios өзүнүн маалымат булактарына таянуу менен жазды. "Катар, Египет, Пакистан жана арага түшүп жаткан башка тараптар АКШ менен Иранга он күнгө атышууну токтотуу боюнча сунуш беришти", — деп айтылат кабарда. Америкалык аткаминерлердин айтымында, АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы сунушту карап, Израилди "дипломатияга эшикти биротоло жаап сала турган" кадамдардан оолак болууга чакырган. Деген менен Вашингтон сүйлөшүүлөрдүн ишке ашпай калуу ыктымалдыгын да четке какпай, аймакка ондогон истребитель менен май куюучу учактарды жөнөтүп жатканы айтылды. Ал эми порталга маалымат берген израилдик аткаминерлер ЦАХАЛ согуштун толук кандуу кампанияга айланып кетишине даяр турганын билдиришкен. Жаңы сунушта атышууну токтотуу, Ормуз кысыгы аркылуу кеме кыймылын жандантуу жана Тегеран менен Вашингтонго өз ара түшүнүшүү боюнча меморандумду сактап калууга мүмкүнчүлүк берүү каралган.
Президент Садыр Жапаров гендердик теңчилик маселелери боюнча мыйзамга кол койду. Ага ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кадрдык курамында бир жыныстын өкүлдөрү 70 пайыздан ашпоого тийиш. Бул талап чечим кабыл алуучу кызматтарды да камтыйт. мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кабыл алууда, кызмат боюнча көтөрүүдө жана кадрлар резервин түзүүдө аялдар менен эркектердин тең санын камсыз кылуу талап кылынат. Эгер бир кызмат ордуна квалификациясы бирдей эки талапкер өтсө, артыкчылык ошол мекемеде саны аз болгон жыныстын өкүлүнө берилет; бирдей бааланган эмгек үчүн аялдар менен эркектерге бирдей эмгек акы төлөнүшү керек. Ошондой эле жумуш жарыяларында "эркектер гана" же "аялдар гана" деп жазууга, эгер ал иштин табияты сөзсүз ушуну талап кылбаса, тыюу салынат; мыйзамда үй-бүлөлүк милдеттерди аткаруу аялдардын гана эмес, эркектердин да бирдей жоопкерчилиги экени белгиленген.документ ошондой эле жумуш орундарында сексуалдык асылууга жана гендердик зомбулукка каршы талаптарды күчөтөт. эгер адам жынысына байланыштуу жумушка алынбаса, айлыгы аз төлөнсө, кызматтан мыйзамсыз четтетилсе же сексуалдык асылууга кабылса, ал сотко, прокуратурага же акыйкатчыга кайрыла алат. Документ расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.Евразия экономикалык биримдигинде (ЕАЭБ) дары-дармекти каттоо эрежелерин өркүндөтүүгө багытталган жаңы сунуштамалар даярдалды. Бул тууралуу уюмдун маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык, дары-дармектердин курамындагы негизги активдүү заттын аталышын ЕАЭБге мүчө бардык өлкөлөрдө бирдей атоо сунушталууда. Бул дары каражаттарын каттоо жана колдонуу процессин шайкеш келтирүүгө жардам берери белгиленет. Мындан тышкары, эксперттер гель жана май түрүндөгү дары-дармектерди текшерүүдө донордук теринин ордуна жасалма мембраналарды колдонууга макул болушту. Бул изилдөөнү арзан жана жеңил жүргүзүүгө шарт түзөт. Жактырылган сунуштамалар ушул жылдын август-октябрь айларында өтө турган ЕАЭБдин тиешелүү жыйындарында каралат.Кочкор-Атада жылына 450 миң тонна мунай иштете ала турган завод курулуп жатат. Минкаб менен “Борбордук Азия энергетикасы” ЖЧКсы инвестициялык келишимге кол койду. Долбоорго жумшала турган каражаттын көлөмү 25 млн доллар. Ишканада К-5 жана К-6 экологиялык класстагы бензин менен дизель майы чыгарылып, битум жана мотор майлары өндүрүлөт. Кеминде 300 жумуш орду түзүлүп, кыргыз жарандары 90 пайыздан кем болбошу керек. Долбоордун биринчи этабын 2026-жылдын аягына чейин ишке киргизүү пландалууда.Ортомчулар Вашингтон менен Тегеранга атышууну токтотуу боюнча сунуш бергенин Axios өзүнүн маалымат булактарына таянуу менен жазды. "Катар, Египет, Пакистан жана арага түшүп жаткан башка тараптар АКШ менен Иранга он күнгө атышууну токтотуу боюнча сунуш беришти", — деп айтылат кабарда. Америкалык аткаминерлердин айтымында, АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы сунушту карап, Израилди "дипломатияга эшикти биротоло жаап сала турган" кадамдардан оолак болууга чакырган. Деген менен Вашингтон сүйлөшүүлөрдүн ишке ашпай калуу ыктымалдыгын да четке какпай, аймакка ондогон истребитель менен май куюучу учактарды жөнөтүп жатканы айтылды. Ал эми порталга маалымат берген израилдик аткаминерлер ЦАХАЛ согуштун толук кандуу кампанияга айланып кетишине даяр турганын билдиришкен. Жаңы сунушта атышууну токтотуу, Ормуз кысыгы аркылуу кеме кыймылын жандантуу жана Тегеран менен Вашингтонго өз ара түшүнүшүү боюнча меморандумду сактап калууга мүмкүнчүлүк берүү каралган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/15/1102517729_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_55b08a65caf9d120e38c54110c6a1056.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио