https://sputnik.kg/20260722/1102543700.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен 2026-жылдын 22–июлунда Беларустун ТИМ башчысы Максим Рыженковдун Бишкекте расмий сапары башталды. Бул... 22.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-22T15:00+0600
2026-07-22T15:00+0600
2026-07-22T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/16/1102543534_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_24ca08bb5399715372eb2f487595de4a.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен 2026-жылдын 22–июлунда Беларустун ТИМ башчысы Максим Рыженковдун Бишкекте расмий сапары башталды. Бул туурасында тышкы саясат боюнча ведомстивонун маалымат кызматынан кабарлашты. Сапардын биринчи күнү эки министрдин расмий сүйлөшүүлөрү болду. Тараптар өлкөнүн күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, тагыраагы, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык багыттардагы кызматташууну талкуулады. Алар эки мамлекеттин президенттеринин, парламенттеринин жана өкмөттөрүнүн деңгээлиндеги үзгүлтүксүз байланыштарды камтыган саясий диалогдун жогорку динамикасы өзгөчө белгилешти. Буга чейинки жогорку деңгээлдеги сапарлардын жыйынтыгында жетишилген макулдашуулардын аткарылышын карап чыгышты. Кыргыз-беларусь мамилелерин сапаттык жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн мындан ары да биргелешкен аракеттерди көрүүгө даяр экендиктерин ырасташты. БУУ, КМШ, ЕАЭБ, ШКУ, ЖККУ жана башка интеграциялык бирикмелердин алкагындагы өз ара кызматташууну чыңдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Эл аралык кызматташтык маселесин улантуу менен Кулубаев беларусь тарапты 2027-жылы өтө турган II Тоо саммитинин ишине катышууга чакырды.Жолугушуунун соңунда Беларусь ТИМ башчысы кесиптеши Кулубаевди өзү үчүн ыңгайлуу болгон убакта Беларуска расмий сапар менен барып кетүүгө чакырды.
Бүгүнтөн тарта ЕАЭБ менен Монголиянын ортосундагы соода келишими күчүнө кирди. Бул туурасында ЕЭКтин маалымат кызматы билдирди. Анын негизинде Кыргызстан жана башка ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өндүрүүчүлөрү үчүн Монголиянын рыногуна чыгууга ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Келишимге ылайык, товарлардын жүздөгөн түрүнө бажы төлөмдөрү толугу менен жоюлуп же төмөндөтүлөт. Бул эки тараптын товар жүгүртүүсүнүн 90 пайызын камтыйт. ЕЭКтин соода министри Андрей Слепневдин айтымында, эми сүт азыктарын, суусундуктарды, таттууларды, жеңил жана жүк ташуучу автоунааларды, косметика, атыр жана башка товарларды экспорттоого кеңири мүмкүнчүлүк ачылат.
Бишкек шаарындагы "Мадина" базары 1-августтан тарта реконструкциялана баштайт, ал эми сатуучуларга жакын аймактардан жаңы соода орундары сунушталды. Калаа башчысы Айбек Жунушалиев ал жердеги соода түйүндөрүнүн ээлери менен жолугуп, объекти жаңыланарын дагы бир ирет эске салды. "Мадина" базары да бул иштерден четте калбайт. Борбор калаада көрктөндүрүүнү күчөтүшүбүз керек. Ошол эле учурда ишкерлердин жана базарда эмгектенген жарандардын укуктары менен кызыкчылыктары кандай бузулбашы зарыл", — деген калаа башчысы. Жыйында ишкерлердин өкүлдөрү бардык маселелерди кеңири талкуулап, биргелешип чечүү үчүн комиссия түзүүнү сунушташты. Мэр бул демилгени колдоп, комиссияны түзүүнү тапшырды. Аны мэрдин орун басары Атай Муратбек жетектемей болду.
АКШнын президенти Дональд Трамп Тель-Авивге кошумча чараларды көрүүнү карап чыгарын билдирди. Муну ал Ливандын түштүгүндө жайгашкан армиясынын бөлүктөрүнө жакын жерде Израилдин аскерлери ок чыгарган окуяга байланыштуу айтты. "Бул тууралуу ушул жолугушуу башталар алдында эле уктум. Аталган маселени карап чыгабыз", — деди Трамп Ак үйдө Ливандын президенти Жозеф Аун менен жолукканда. Мындай жоопту Трамп журналисттердин Израилге кошумча чараларды көрүп, ага басым жасоого даярбы деген суроосуна жооп берип жатып айткан. Июнь айынын соңунда Израиль менен Ливандын ортосунда түзүлгөн алкактык келишимге ылайык, Ливан бийлиги өлкөнүн түштүгүндөгү аймактарды этап-этабы менен кайра көзөмөлүнө алып, Израиль армиясы чыгып кеткен аймактарга өз аскерлерин жайгаштырышы каралган.
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен 2026-жылдын 22–июлунда Беларустун ТИМ башчысы Максим Рыженковдун Бишкекте расмий сапары башталды. Бул туурасында тышкы саясат боюнча ведомстивонун маалымат кызматынан кабарлашты. Сапардын биринчи күнү эки министрдин расмий сүйлөшүүлөрү болду. Тараптар өлкөнүн күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, тагыраагы, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык багыттардагы кызматташууну талкуулады. Алар эки мамлекеттин президенттеринин, парламенттеринин жана өкмөттөрүнүн деңгээлиндеги үзгүлтүксүз байланыштарды камтыган саясий диалогдун жогорку динамикасы өзгөчө белгилешти. Буга чейинки жогорку деңгээлдеги сапарлардын жыйынтыгында жетишилген макулдашуулардын аткарылышын карап чыгышты. Кыргыз-беларусь мамилелерин сапаттык жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн мындан ары да биргелешкен аракеттерди көрүүгө даяр экендиктерин ырасташты. БУУ, КМШ, ЕАЭБ, ШКУ, ЖККУ жана башка интеграциялык бирикмелердин алкагындагы өз ара кызматташууну чыңдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Эл аралык кызматташтык маселесин улантуу менен Кулубаев беларусь тарапты 2027-жылы өтө турган II Тоо саммитинин ишине катышууга чакырды.Жолугушуунун соңунда Беларусь ТИМ башчысы кесиптеши Кулубаевди өзү үчүн ыңгайлуу болгон убакта Беларуска расмий сапар менен барып кетүүгө чакырды. Бүгүнтөн тарта ЕАЭБ менен Монголиянын ортосундагы соода келишими күчүнө кирди. Бул туурасында ЕЭКтин маалымат кызматы билдирди. Анын негизинде Кыргызстан жана башка ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өндүрүүчүлөрү үчүн Монголиянын рыногуна чыгууга ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Келишимге ылайык, товарлардын жүздөгөн түрүнө бажы төлөмдөрү толугу менен жоюлуп же төмөндөтүлөт. Бул эки тараптын товар жүгүртүүсүнүн 90 пайызын камтыйт. ЕЭКтин соода министри Андрей Слепневдин айтымында, эми сүт азыктарын, суусундуктарды, таттууларды, жеңил жана жүк ташуучу автоунааларды, косметика, атыр жана башка товарларды экспорттоого кеңири мүмкүнчүлүк ачылат.Бишкек шаарындагы "Мадина" базары 1-августтан тарта реконструкциялана баштайт, ал эми сатуучуларга жакын аймактардан жаңы соода орундары сунушталды. Калаа башчысы Айбек Жунушалиев ал жердеги соода түйүндөрүнүн ээлери менен жолугуп, объекти жаңыланарын дагы бир ирет эске салды. "Мадина" базары да бул иштерден четте калбайт. Борбор калаада көрктөндүрүүнү күчөтүшүбүз керек. Ошол эле учурда ишкерлердин жана базарда эмгектенген жарандардын укуктары менен кызыкчылыктары кандай бузулбашы зарыл", — деген калаа башчысы. Жыйында ишкерлердин өкүлдөрү бардык маселелерди кеңири талкуулап, биргелешип чечүү үчүн комиссия түзүүнү сунушташты. Мэр бул демилгени колдоп, комиссияны түзүүнү тапшырды. Аны мэрдин орун басары Атай Муратбек жетектемей болду.АКШнын президенти Дональд Трамп Тель-Авивге кошумча чараларды көрүүнү карап чыгарын билдирди. Муну ал Ливандын түштүгүндө жайгашкан армиясынын бөлүктөрүнө жакын жерде Израилдин аскерлери ок чыгарган окуяга байланыштуу айтты. "Бул тууралуу ушул жолугушуу башталар алдында эле уктум. Аталган маселени карап чыгабыз", — деди Трамп Ак үйдө Ливандын президенти Жозеф Аун менен жолукканда. Мындай жоопту Трамп журналисттердин Израилге кошумча чараларды көрүп, ага басым жасоого даярбы деген суроосуна жооп берип жатып айткан. Июнь айынын соңунда Израиль менен Ливандын ортосунда түзүлгөн алкактык келишимге ылайык, Ливан бийлиги өлкөнүн түштүгүндөгү аймактарды этап-этабы менен кайра көзөмөлүнө алып, Израиль армиясы чыгып кеткен аймактарга өз аскерлерин жайгаштырышы каралган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/16/1102543534_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_2f8586163f02ee5f86d41955aa2cdb12.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио