https://sputnik.kg/20260721/1102514174.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
"Мамлекеттик финансылык холдинг" ААК тарабынан "Кыргызстандын региондорун экономикалык өнүктүрүү" долбоору ишке киргизилип, анын алкагында ишкерлерге... 21.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-21T08:59+0600
2026-07-21T08:59+0600
2026-07-21T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/15/1102514008_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_bef2c94d9179a5bf73e7fa02c541488b.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
"Мамлекеттик финансылык холдинг" ААК тарабынан "Кыргызстандын региондорун экономикалык өнүктүрүү" долбоору ишке киргизилип, анын алкагында ишкерлерге жеңилдетилген насыялар бериле баштады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги маалымдады. Маалыматка ылайык, долбоордун негизги максаты – аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө дем берүү, инвестицияларды тартуу, жаңы жумуш орундарын түзүү жана ишкерлерди жеткиликтүү каржылоо менен камсыз кылуу.Программанын алкагында туризм, жеңил өнөр жай, өндүрүш, саламаттык сактоо, билим берүү, энергетика, ошондой эле айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, сактоо жана өндүрүү тармактарындагы долбоорлор каржыланат. Насыялар жеке ишкерлерге, юридикалык жактарга жана келечектүү стартап-идеялары бар жарандарга берилет.
ЕАЭБде дары-дармекти каттоо эрежелери өзгөрөт Жаңы сунуштамага ылайык, дарынын курамындагы негизги активдүү заттын аталышын бардык ЕАЭБ өлкөлөрүндө бирдей атоону сунушталды. Эксперттер гель жана май түрүндөгү дары-дармектерди текшерүүдө донордук теринин ордуна жасалма мембраналарды колдонууга макул болушту. Бул изилдөөнү арзан жана жеңил жүргүзүүгө шарт түзөт. Жактырылган документтер август–октябрь айларындагы жыйында каралат.
Баткенде быйыл 1050 ипотекалык батир пайдаланууга берилетБаткен шаарында курулуп жаткан ипотекалык турак жайлардын курулушу текшерилди. Быйыл жыл аягына чейин "Асман резиденс-1" турак жай комплексиндеги 1050 батир пайдаланууга берилери күтүлүүдө.Баткен облусундагы өкүлчүлүктүн маалыматына караганда, курулуш иштери "Менин үйүм – 2021-2026" турак жай программасынын алкагында жүргүзүлүүдө. Учурда Баткен шаарында "Асман резиденс-1", "Асман резиденс-2" жана "Асман резиденс-3" аталышындагы үч турак жай комплекси курулуп жатат. Алар 12 кабаттуу болуп, жалпы 4116 батирди камтыйт. Быйылкы жылы "Асман резиденс-1" комплексинин 17 блогундагы 1050 батирди пайдаланууга берүү пландалууда. Учурда объектилерде суу кампасынын жана саркынды суу системасынын курулуш иштери жүрүп жатат. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Баткен облусу боюнча Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу турак жай алуу үчүн 3425 жаран кезекте турат. Мындан тышкары, ипотекалык үйлөрдү облустун бардык район жана шаарларында куруу каралып, тиешелүү жер тилкелери бөлүнүп, сунуштар жөнөтүлгөн.
Иран ТИМи ортомчулардан АКШ менен атышууну токтотуу боюнча сунуш алды Тегеран АКШ менен атышууну токтотуу боюнча сунуш алды. Бул тууралу Иран ТИМинин расмий өкүлү Исмаил Багаи билдиргенин РИА Новости жазды. Дипломаттын айтымында, ортомчулар Тегеран менен Вашингтондун ушул айдын башында күчөп кеткен тирешүүсүнүн курчуп кетишине жол бербөө жаатында иштеп жатышат. Ал арада WP гезит америкалык аткаминерге таянып АКШ Иран менен толук кандуу согушка даярданып жатканын жазды. Регионго америкалык аскердик авиация жана май куйган учактар жөнөтүлүп жатканын WSJ билдирген. Эскерте кетсек, 8-июлга караган түнү АКШ Иран Ормуз кысыгындагы коммерциялык кемелерге чабуул жасады деген күнөө менен соккусун жанданткан. Тегеран муну жетишилген макулдашуулардын бузулушу деп кабылдап, АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскер базаларына сокку уруп жатат. Каршылашуу жаңжалдын бүтүшүн шарттаган макулдашууга кол коюлгандан кийин үч күн өтүп кайра күчөп кетти.
"Мамлекеттик финансылык холдинг" ААК тарабынан "Кыргызстандын региондорун экономикалык өнүктүрүү" долбоору ишке киргизилип, анын алкагында ишкерлерге жеңилдетилген насыялар бериле баштады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги маалымдады. Маалыматка ылайык, долбоордун негизги максаты – аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө дем берүү, инвестицияларды тартуу, жаңы жумуш орундарын түзүү жана ишкерлерди жеткиликтүү каржылоо менен камсыз кылуу.Программанын алкагында туризм, жеңил өнөр жай, өндүрүш, саламаттык сактоо, билим берүү, энергетика, ошондой эле айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, сактоо жана өндүрүү тармактарындагы долбоорлор каржыланат. Насыялар жеке ишкерлерге, юридикалык жактарга жана келечектүү стартап-идеялары бар жарандарга берилет.ЕАЭБде дары-дармекти каттоо эрежелери өзгөрөт Жаңы сунуштамага ылайык, дарынын курамындагы негизги активдүү заттын аталышын бардык ЕАЭБ өлкөлөрүндө бирдей атоону сунушталды. Эксперттер гель жана май түрүндөгү дары-дармектерди текшерүүдө донордук теринин ордуна жасалма мембраналарды колдонууга макул болушту. Бул изилдөөнү арзан жана жеңил жүргүзүүгө шарт түзөт. Жактырылган документтер август–октябрь айларындагы жыйында каралат.Баткенде быйыл 1050 ипотекалык батир пайдаланууга берилетБаткен шаарында курулуп жаткан ипотекалык турак жайлардын курулушу текшерилди. Быйыл жыл аягына чейин "Асман резиденс-1" турак жай комплексиндеги 1050 батир пайдаланууга берилери күтүлүүдө.Баткен облусундагы өкүлчүлүктүн маалыматына караганда, курулуш иштери "Менин үйүм – 2021-2026" турак жай программасынын алкагында жүргүзүлүүдө. Учурда Баткен шаарында "Асман резиденс-1", "Асман резиденс-2" жана "Асман резиденс-3" аталышындагы үч турак жай комплекси курулуп жатат. Алар 12 кабаттуу болуп, жалпы 4116 батирди камтыйт. Быйылкы жылы "Асман резиденс-1" комплексинин 17 блогундагы 1050 батирди пайдаланууга берүү пландалууда. Учурда объектилерде суу кампасынын жана саркынды суу системасынын курулуш иштери жүрүп жатат. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Баткен облусу боюнча Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу турак жай алуу үчүн 3425 жаран кезекте турат. Мындан тышкары, ипотекалык үйлөрдү облустун бардык район жана шаарларында куруу каралып, тиешелүү жер тилкелери бөлүнүп, сунуштар жөнөтүлгөн. Иран ТИМи ортомчулардан АКШ менен атышууну токтотуу боюнча сунуш алды Тегеран АКШ менен атышууну токтотуу боюнча сунуш алды. Бул тууралу Иран ТИМинин расмий өкүлү Исмаил Багаи билдиргенин РИА Новости жазды. Дипломаттын айтымында, ортомчулар Тегеран менен Вашингтондун ушул айдын башында күчөп кеткен тирешүүсүнүн курчуп кетишине жол бербөө жаатында иштеп жатышат. Ал арада WP гезит америкалык аткаминерге таянып АКШ Иран менен толук кандуу согушка даярданып жатканын жазды. Регионго америкалык аскердик авиация жана май куйган учактар жөнөтүлүп жатканын WSJ билдирген. Эскерте кетсек, 8-июлга караган түнү АКШ Иран Ормуз кысыгындагы коммерциялык кемелерге чабуул жасады деген күнөө менен соккусун жанданткан. Тегеран муну жетишилген макулдашуулардын бузулушу деп кабылдап, АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскер базаларына сокку уруп жатат. Каршылашуу жаңжалдын бүтүшүн шарттаган макулдашууга кол коюлгандан кийин үч күн өтүп кайра күчөп кетти.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/15/1102514008_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_f07f35ba2551ad4d48c0ea5dea98675f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио