https://sputnik.kg/20260722/1102536580.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында минкабдын кезектеги жыйыны өттү. Отурумда алгач министрлер кабинетинин 2026-жылга... 22.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-22T11:00+0600
2026-07-22T11:00+0600
2026-07-22T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/16/1102536414_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_2bc09d7d4b8e7a7365756d8acf34abf1.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында минкабдын кезектеги жыйыны өттү. Отурумда алгач министрлер кабинетинин 2026-жылга иш-аракеттер планынын биринчи жарым жылдыгынын аткарылышынын жыйынтыктары каралып, президенттин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын баяндамасы угулду. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында иш-аракеттер планынын аткарылышы 80 иш-чаранын негизинде бааланды. Мамлекеттик органдарга берилген тапшырмалардын аткарылышындагы ийгиликтери менен бирге кемчиликтери да айтылып, маселелер талданып, алардын себептери аныкталып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды. Бул багытта минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев министрлер кабинетинин 2026-жылга иш-аракеттер планы бул – мамлекеттин өнүгүүсүнүн негизги стратегиялык документи экенин, ар бир тапшырма, ар бир иш-чара жана ар бир көрсөткүч 2030-жылга белгиленген жалпы мамлекеттик максаттарга жетүүнү жакындатарын, ошол себептүү берилген тапшырмаларды толук жана жогорку деңгээлде ишке ашырууну белгиледи. Жылдын аягында 670 иш-чара боюнча баалоо жүргүзүлүп, мамлекеттик органдардын жоопкерчилиги каралары белгиленди.
Кыргызстанда дээрлик 3 млн жаран "Түндүк" платформасы аркылуу санариптик медициналык кызматтарды колдонууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда 2,94 млн адам дарыгерге онлайн жазылып, лабораториялык анализдеринин жыйынтыктарын электрондук форматта алып жатат. Ошондой эле телемедицина алыскы аймактардагы бейтаптарды адистер менен байланыштырып, энелердин жана балдардын саламаттыгын коргоо, эмдөө жана майыптыгы бар адамдарга көрсөтүлүүчү кызматтарды жакшыртууга көмөктөшүүдө.
Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн бирдиктүү пайдалануу жана соода рыногун өнүктүрүү демилгесин көтөрдү. Бул сунуш Алтай Республикасында өткөн "ЕАЭБ кооперациясы — өсүмдүк өстүрүүнү өнүктүрүүнүн кошумча куралы"аттуу панелдик сессияда айтылды. Иш-чарага Кыргызстандын Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаментинин директору Бакыт Мамбетов жана Дыйканчылык институтунун директору Биржан Усубалиев катышты. Мамбетовдун айтымында, быйылкы жылдын биринчи жарымында Кыргызстанда 65 жаңы айыл чарба кооперативи түзүлгөн. Учурда өлкөдө 56 миң гектардан ашык жер иштеткен 886 кооператив бар.
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Иранды сүйлөшүүлөргө олуттуу мамиле кылбай жатат деп айыптады. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды. Мамлекеттик катчынын айтымында, эгер мындай абал улана берсе, Вашингтон АКШнын жана анын союздаштарынын кызыкчылыктарын коргоо үчүн бардык зарыл чараларды көрөт. Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова бул айыптоолорго жооп берип, дүйнө Батыштын түшүнүгүндөгү "сүйлөшүүлөр" кандай болорун буга чейин эле түшүнгөнүн белгиледи. Дипломаттын айтымында, келишимдер согушка даярданууну жашыруу үчүн колдонулуп келет. Кечээ Axios порталы ортомчулар Вашингтонго он күндүк ок атышууну токтотуу боюнча сунуш бергенин жазды. Маалымат булактарынын кабарына таянсак, Ак үй бул сунушту карап жатат жана Израилди кырдаалды андан ары курчутуучу аракеттерден оолак болууга чакырган.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында минкабдын кезектеги жыйыны өттү. Отурумда алгач министрлер кабинетинин 2026-жылга иш-аракеттер планынын биринчи жарым жылдыгынын аткарылышынын жыйынтыктары каралып, президенттин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын баяндамасы угулду. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында иш-аракеттер планынын аткарылышы 80 иш-чаранын негизинде бааланды. Мамлекеттик органдарга берилген тапшырмалардын аткарылышындагы ийгиликтери менен бирге кемчиликтери да айтылып, маселелер талданып, алардын себептери аныкталып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды. Бул багытта минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев министрлер кабинетинин 2026-жылга иш-аракеттер планы бул – мамлекеттин өнүгүүсүнүн негизги стратегиялык документи экенин, ар бир тапшырма, ар бир иш-чара жана ар бир көрсөткүч 2030-жылга белгиленген жалпы мамлекеттик максаттарга жетүүнү жакындатарын, ошол себептүү берилген тапшырмаларды толук жана жогорку деңгээлде ишке ашырууну белгиледи. Жылдын аягында 670 иш-чара боюнча баалоо жүргүзүлүп, мамлекеттик органдардын жоопкерчилиги каралары белгиленди. Кыргызстанда дээрлик 3 млн жаран "Түндүк" платформасы аркылуу санариптик медициналык кызматтарды колдонууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда 2,94 млн адам дарыгерге онлайн жазылып, лабораториялык анализдеринин жыйынтыктарын электрондук форматта алып жатат. Ошондой эле телемедицина алыскы аймактардагы бейтаптарды адистер менен байланыштырып, энелердин жана балдардын саламаттыгын коргоо, эмдөө жана майыптыгы бар адамдарга көрсөтүлүүчү кызматтарды жакшыртууга көмөктөшүүдө.Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн бирдиктүү пайдалануу жана соода рыногун өнүктүрүү демилгесин көтөрдү. Бул сунуш Алтай Республикасында өткөн "ЕАЭБ кооперациясы — өсүмдүк өстүрүүнү өнүктүрүүнүн кошумча куралы"аттуу панелдик сессияда айтылды. Иш-чарага Кыргызстандын Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаментинин директору Бакыт Мамбетов жана Дыйканчылык институтунун директору Биржан Усубалиев катышты. Мамбетовдун айтымында, быйылкы жылдын биринчи жарымында Кыргызстанда 65 жаңы айыл чарба кооперативи түзүлгөн. Учурда өлкөдө 56 миң гектардан ашык жер иштеткен 886 кооператив бар.АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Иранды сүйлөшүүлөргө олуттуу мамиле кылбай жатат деп айыптады. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды. Мамлекеттик катчынын айтымында, эгер мындай абал улана берсе, Вашингтон АКШнын жана анын союздаштарынын кызыкчылыктарын коргоо үчүн бардык зарыл чараларды көрөт. Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова бул айыптоолорго жооп берип, дүйнө Батыштын түшүнүгүндөгү "сүйлөшүүлөр" кандай болорун буга чейин эле түшүнгөнүн белгиледи. Дипломаттын айтымында, келишимдер согушка даярданууну жашыруу үчүн колдонулуп келет. Кечээ Axios порталы ортомчулар Вашингтонго он күндүк ок атышууну токтотуу боюнча сунуш бергенин жазды. Маалымат булактарынын кабарына таянсак, Ак үй бул сунушту карап жатат жана Израилди кырдаалды андан ары курчутуучу аракеттерден оолак болууга чакырган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/16/1102536414_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_25980f2b4bf81bd194ff253d1b32e424.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио