https://sputnik.kg/20260722/1102540817.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
"Ынтымак Ордодо" министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесин мамлекеттик... 22.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-22T13:00+0600
2026-07-22T13:00+0600
2026-07-22T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/16/1102540651_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_5f965fce77f8c10cbf655a445da39cea.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
"Ынтымак Ордодо" министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесин мамлекеттик жана эл аралык деңгээлде уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин биринчи жыйыны өтүүдө. Жыйынга уюштуруу комитетинин мүчөлөрү, президенттин администрациясынын өкүлдөрү, министрликтердин жана мамлекеттик ведомстволордун жетекчилери менен жооптуу кызматкерлери катышууда. Күн тартибине ылайык, Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу жана маданий иш-чараларды даярдоо, өткөрүү боюнча иш-чаралар планы жана анын аткарылышы талкууланууда. Жыйынды ачкан минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев президенттин тиешелүү жарлыгын ишке ашыруу максатында иш-чаралардын планы бекитилгенин эскертип өттү.
20-июлда агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Түрк мамлекеттери уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен жолукту. Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө Түрк мамлекеттери уюмунун алкагындагы билим берүү тармагындагы кызматташтык маселелери талкууланды. Тараптар ТМУга мүчө мамлекеттер менен билим берүү жаатындагы өнөктөштүктү кеңейтүү, биргелешкен билим берүү долбоорлорун ишке ашыруу боюнча пикир алышты.
Россияда Wildberries компаниясынын Краснодар жана Невинномысск шаарларындагы логистикалык борборлору 22-июлга караган түнү пилотсуз учуучу аппараттардын чабуулуна кабылды. Бул тууралуу компаниянын жетекчиси Татьяна Ким билдиргенин РИА Новости жазды.Маалыматка караганда, Краснодар шаарындагы кампага дрондун сыныктары түшүп, өрт чыккан. Анын кесепетинен үч адам жабыркап, ооруканага жеткирилген. Ошондой эле дрондун бөлүктөрү көп кабаттуу эки тамга жана эки жеке турак жайга түшкөн. Каза болгондор жок.Мындан тышкары, Ставрополь аймагындагы Невинномысск шаарынын четиндеги дагы бир кампа дрондордун чабуулунан кийин өрттөнгөн. Медициналык жардам алуу үчүн беш адам кайрылган. Чабуулу учурунда эки логистикалык борбордон тең адамдар эвакуацияланган.Кыргызстандын элчилиги жабыркагандардын арасында өлкө жарандары бар-жогун тактап жатат.Эске салсак, 18-июлад украинанын армиясы Россиянын эки аймагында жайгашкан Wildberries маркетплейсинин кампаларына чабуул жасаган. Баш-аягы Электросталь менен Котовскиде сегиз кадам каза таап, 70 чукул кызматкер жаракат алган. Алардын арасынан жарадар болгон эки кыргызстандык ооруканага түшкөн.
АКШнын президенти Дональд Трамп Сауд Аравиясы менен өзөктүк инфраструктураны өнүктүрүү боюнча келишимди жактырды. Бул тууралуу Wall Street Journal басылмасы жазды. Басылманын америкалык аткаминерлерге шилтеме жасап маалымдоосуна ылайык, президент Сауд Аравиясына жарандык өзөктүк программаны өнүктүрүүгө мүмкүндүк бере турган маанилүү келишимди расмий түрдө бекиткен. Бул падышалыктын аймагында уран байытуугаша жол ачарын айтышты. 30 жылга эсептелген долбоордун баасы ондогон миллиард долларга бааланууда. Келишимге ылайык, эгер эки тарап зарыл деп тапса, америкалык компаниялар Сауд Аравиясында уран байытуучу жайларды курууга катыша алышат.Ошол эле учурда Wall Street Journal басылмасынын маалымат булактары документте АКШ үчүн коопсуздук кепилдиктери каралбаганын билдиришкен. АКШнын энергетика министри Крис Райт келишимге бүгүн кол коюшу керек. Андан кийин документ Конгресстин кароосуна жөнөтүлөт.
"Ынтымак Ордодо" министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесин мамлекеттик жана эл аралык деңгээлде уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин биринчи жыйыны өтүүдө. Жыйынга уюштуруу комитетинин мүчөлөрү, президенттин администрациясынын өкүлдөрү, министрликтердин жана мамлекеттик ведомстволордун жетекчилери менен жооптуу кызматкерлери катышууда. Күн тартибине ылайык, Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу жана маданий иш-чараларды даярдоо, өткөрүү боюнча иш-чаралар планы жана анын аткарылышы талкууланууда. Жыйынды ачкан минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев президенттин тиешелүү жарлыгын ишке ашыруу максатында иш-чаралардын планы бекитилгенин эскертип өттү.20-июлда агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Түрк мамлекеттери уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен жолукту. Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө Түрк мамлекеттери уюмунун алкагындагы билим берүү тармагындагы кызматташтык маселелери талкууланды. Тараптар ТМУга мүчө мамлекеттер менен билим берүү жаатындагы өнөктөштүктү кеңейтүү, биргелешкен билим берүү долбоорлорун ишке ашыруу боюнча пикир алышты.Россияда Wildberries компаниясынын Краснодар жана Невинномысск шаарларындагы логистикалык борборлору 22-июлга караган түнү пилотсуз учуучу аппараттардын чабуулуна кабылды. Бул тууралуу компаниянын жетекчиси Татьяна Ким билдиргенин РИА Новости жазды.Маалыматка караганда, Краснодар шаарындагы кампага дрондун сыныктары түшүп, өрт чыккан. Анын кесепетинен үч адам жабыркап, ооруканага жеткирилген. Ошондой эле дрондун бөлүктөрү көп кабаттуу эки тамга жана эки жеке турак жайга түшкөн. Каза болгондор жок.Мындан тышкары, Ставрополь аймагындагы Невинномысск шаарынын четиндеги дагы бир кампа дрондордун чабуулунан кийин өрттөнгөн. Медициналык жардам алуу үчүн беш адам кайрылган. Чабуулу учурунда эки логистикалык борбордон тең адамдар эвакуацияланган.Кыргызстандын элчилиги жабыркагандардын арасында өлкө жарандары бар-жогун тактап жатат.Эске салсак, 18-июлад украинанын армиясы Россиянын эки аймагында жайгашкан Wildberries маркетплейсинин кампаларына чабуул жасаган. Баш-аягы Электросталь менен Котовскиде сегиз кадам каза таап, 70 чукул кызматкер жаракат алган. Алардын арасынан жарадар болгон эки кыргызстандык ооруканага түшкөн.АКШнын президенти Дональд Трамп Сауд Аравиясы менен өзөктүк инфраструктураны өнүктүрүү боюнча келишимди жактырды. Бул тууралуу Wall Street Journal басылмасы жазды. Басылманын америкалык аткаминерлерге шилтеме жасап маалымдоосуна ылайык, президент Сауд Аравиясына жарандык өзөктүк программаны өнүктүрүүгө мүмкүндүк бере турган маанилүү келишимди расмий түрдө бекиткен. Бул падышалыктын аймагында уран байытуугаша жол ачарын айтышты. 30 жылга эсептелген долбоордун баасы ондогон миллиард долларга бааланууда. Келишимге ылайык, эгер эки тарап зарыл деп тапса, америкалык компаниялар Сауд Аравиясында уран байытуучу жайларды курууга катыша алышат.Ошол эле учурда Wall Street Journal басылмасынын маалымат булактары документте АКШ үчүн коопсуздук кепилдиктери каралбаганын билдиришкен. АКШнын энергетика министри Крис Райт келишимге бүгүн кол коюшу керек. Андан кийин документ Конгресстин кароосуна жөнөтүлөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/16/1102540651_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_1a9a4fc73bee5041ed0b8772334f6f5d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио