https://sputnik.kg/20260721/1102531333.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда өзгөчө учурларда илимий наамы же илимий даражасы жок жаранды Улуттук илимдер академиясынын (УИА) президенти кылып дайындоого мүмкүндүк берген... 21.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-21T19:00+0600
2026-07-21T19:00+0600
2026-07-21T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/15/1102531167_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_0a9c960b002dd3c5cfd6db55979c70ee.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда өзгөчө учурларда илимий наамы же илимий даражасы жок жаранды Улуттук илимдер академиясынын (УИА) президенти кылып дайындоого мүмкүндүк берген мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги иштеп чыккан документке ылайык, мындай чечимди мамлекет башчы кабыл алат. Ал үчүн Улуттук илимдер академиясы жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Азыркы мыйзам боюнча УИАнын президенти болуп 70 жаштан ашпаган академиктер, корреспондент-мүчөлөр же илимдин докторлору гана дайындала алат. Сунушталып жаткан өзгөртүү бул талаптан өзгөчө учурларда четтөөгө жол ачат. Мыйзам долбоорунун негиздемесинде мындай норма илимий наамы жок болсо да, илимди, инновацияны, билим берүүнү же экономиканы өнүктүрүүдө олуттуу тажрыйбасы бар жогорку квалификациялуу жетекчилерди дайындоого мүмкүнчүлүк берүү үчүн киргизилип жатканы белгиленген.
Кыргызстан ЕАЭБ алкагында бирдиктүү үрөн рыногун өнүктүрүүнү сунуштады. Демилге Алтай Республикасында өткөн “ЕАЭБ кооперациясы — өсүмдүк өстүрүүнү өнүктүрүүнүн кошумча куралы” аттуу панелдик сессияда айтылды. Иш-чарага Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаментинин директору Бакыт Мамбетов менен Дыйканчылык институтунун директору Биржан Усубалиев катышты. Бакыт Мамбетовдун айтымында, 2026-жылдын биринчи жарымында Кыргызстанда 65 жаңы айыл чарба кооперативи түзүлгөн. Учурда өлкөдө 56 миң гектардан ашык жерди иштеткен 886 кооператив бар.
Алдыдагы ири эл аралык иш-чаралар маалында Бишкек, Чүй жана Ысык-Көлдө дрондорду жана чакан учуучу аппараттарды асманга кое берүүгө убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттиги билдирди. Маалымдалгандай, ШКУ, Борбор Азия саммиттери, көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары жана кайык жарышы боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жаткан мезгилде аталган аймактарда бардык класстагы пилотсуз аппараттардын, анын ичинде квадрокоптерлердин учуусуна убактылуу чектөө киргизилет. Тыюу жеке жана чакан учактарга, тик учактарга, парапландарга жана дельтапландарга да тиешелүү. Талапты бузгандар административдик же кылмыш жоопкерчилигине тартылып, учуучу техникасы конфискацияланышы мүмкүн.
Россиялык аскерлер жакындан тарта жергиликтүү спутниктик терминал менен камикадзе дрондорду колдоно баштайт, бирок алгач сыноо, тагыраагы, эксперименталдык мүнөздө болот. Кеп мындан ары Жердин төмөнкү орбитасына чыгарылган глобалдык интернеттин жана жогорку ылдамдыктагы байланыш спутниктери туурасында жүрмөкчү. "Ватфор" долбоорун кошо негиздеген Дмитрий Стефанович Sputnik Ближнее зарубежье каналына 16 төмөн орбиталык спутниктен турган экинчи пакеттин ишке киргизилиши тууралуу айтып берди. Аны "БЮРО 1440" компаниясы иштеп чыккан. Маалыматта полигондо терминалдардын сырткы тоскоолдуктарга туруктуулугун жана байланыштын сапатын сыноого мүмкүн эместиги жазылган. "Кандайдыр бир базалык кызмат көрсөтүүлөрдү, кыязы, жакын арада эле сунушташат окшойт. Бул жөнөкөй жарандарга да жеткиликтүү болгудай", — деген ал. Эксперттин айтымында, мында спутниктердин башкы максаты бүткүл дүйнөнү камтуу эмес, биринчи кезекте Россиянын аймагында туруктуу жана коопсуз байланышты камсыздоо болот.
Кыргызстанда өзгөчө учурларда илимий наамы же илимий даражасы жок жаранды Улуттук илимдер академиясынын (УИА) президенти кылып дайындоого мүмкүндүк берген мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги иштеп чыккан документке ылайык, мындай чечимди мамлекет башчы кабыл алат. Ал үчүн Улуттук илимдер академиясы жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Азыркы мыйзам боюнча УИАнын президенти болуп 70 жаштан ашпаган академиктер, корреспондент-мүчөлөр же илимдин докторлору гана дайындала алат. Сунушталып жаткан өзгөртүү бул талаптан өзгөчө учурларда четтөөгө жол ачат. Мыйзам долбоорунун негиздемесинде мындай норма илимий наамы жок болсо да, илимди, инновацияны, билим берүүнү же экономиканы өнүктүрүүдө олуттуу тажрыйбасы бар жогорку квалификациялуу жетекчилерди дайындоого мүмкүнчүлүк берүү үчүн киргизилип жатканы белгиленген. Кыргызстан ЕАЭБ алкагында бирдиктүү үрөн рыногун өнүктүрүүнү сунуштады. Демилге Алтай Республикасында өткөн “ЕАЭБ кооперациясы — өсүмдүк өстүрүүнү өнүктүрүүнүн кошумча куралы” аттуу панелдик сессияда айтылды. Иш-чарага Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаментинин директору Бакыт Мамбетов менен Дыйканчылык институтунун директору Биржан Усубалиев катышты. Бакыт Мамбетовдун айтымында, 2026-жылдын биринчи жарымында Кыргызстанда 65 жаңы айыл чарба кооперативи түзүлгөн. Учурда өлкөдө 56 миң гектардан ашык жерди иштеткен 886 кооператив бар. Алдыдагы ири эл аралык иш-чаралар маалында Бишкек, Чүй жана Ысык-Көлдө дрондорду жана чакан учуучу аппараттарды асманга кое берүүгө убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттиги билдирди. Маалымдалгандай, ШКУ, Борбор Азия саммиттери, көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары жана кайык жарышы боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жаткан мезгилде аталган аймактарда бардык класстагы пилотсуз аппараттардын, анын ичинде квадрокоптерлердин учуусуна убактылуу чектөө киргизилет. Тыюу жеке жана чакан учактарга, тик учактарга, парапландарга жана дельтапландарга да тиешелүү. Талапты бузгандар административдик же кылмыш жоопкерчилигине тартылып, учуучу техникасы конфискацияланышы мүмкүн. Россиялык аскерлер жакындан тарта жергиликтүү спутниктик терминал менен камикадзе дрондорду колдоно баштайт, бирок алгач сыноо, тагыраагы, эксперименталдык мүнөздө болот. Кеп мындан ары Жердин төмөнкү орбитасына чыгарылган глобалдык интернеттин жана жогорку ылдамдыктагы байланыш спутниктери туурасында жүрмөкчү. "Ватфор" долбоорун кошо негиздеген Дмитрий Стефанович Sputnik Ближнее зарубежье каналына 16 төмөн орбиталык спутниктен турган экинчи пакеттин ишке киргизилиши тууралуу айтып берди. Аны "БЮРО 1440" компаниясы иштеп чыккан. Маалыматта полигондо терминалдардын сырткы тоскоолдуктарга туруктуулугун жана байланыштын сапатын сыноого мүмкүн эместиги жазылган. "Кандайдыр бир базалык кызмат көрсөтүүлөрдү, кыязы, жакын арада эле сунушташат окшойт. Бул жөнөкөй жарандарга да жеткиликтүү болгудай", — деген ал. Эксперттин айтымында, мында спутниктердин башкы максаты бүткүл дүйнөнү камтуу эмес, биринчи кезекте Россиянын аймагында туруктуу жана коопсуз байланышты камсыздоо болот.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/15/1102531167_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_cca98d9556789831e3f9c6977ce4dafc.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио