БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Кышкы Олимпиада оюндарында хафпайп боюнча америкалык лыжачы Элизабет Суэйни Венгриянын командасы менен чыгып, бул спорттун жөнөкөй эрежеси менен такыр түшүнүгү жок экенин көрсөтүп көпчүлүктү таң калдырды. Бул тууралуу NBC Olympics каналы жазып чыкты.
Эреже боюнча тоодон ылдый лыжа менен түшкөн спортчулар бир нече трюктарды көрсөтүшү керек. Бирок Суэйни жөн гана лыжа деп бир нече жолу секирүүгө аракет кылган. Окуяга күбө болгондор спортчу Олимпиадага кантип катышып калды деп суроо салышкан.
The Winter Olympics feature 2,951 of the world's greatest athletes, and also this woman: https://t.co/jGCNyxZGSX pic.twitter.com/2mo6X0JpTQ
— Deadspin (@Deadspin) 19 февраля 2018 г.
Биринчи орунду алган канадалык спортчу Кэсси Шарп төмөндөгүдөй трюктарды жасаган.
Incredible @CassieSharpe #winterolympics pic.twitter.com/16nNSO2P93
— James Rush (@byJamesRush) 20 февраля 2018 г.
Маалым болгондой америкалык спортчу тандоо системасын алдап Олимпиада оюндарына катышкан. Карьерасын 25 жашында баштаган спортчу АКШнын курамасына кирүү аракетинен майнап чыкпай, алгач Венесуэланын, кийин Венгриянын командалары менен чыга баштаган.
Пхенчхандагы мелдеште Суэйни 30 гана упай алып, акыркы орунду алган. Соцтармактын колдонуучулары спортчуну "орто деңгээлде" деп сыпаттап, Олимпиадага катышпашы керектигин белгилешкен.