00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу бүткөндөн кийин Кыргызстан транзиттик өлкөгө айланып, туруктуу киреше ала баштайт. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасына жазды. Өлкө башчынын айтымында, жаңы темир жол Кытай менен дүйнөнүн ортосундагы жүк ташуунун маанилүү бөлүгүнө айланып, өлкө транзиттен пайда көрө баштайт. Жапаров бул долбоорду "экинчи Кумтөр" деп атап, анын аркасында Кыргызстан дүйнөлүк транспорттук каттамдардын маанилүү бөлүгүнө айланарын белгиледи. "Бүгүнкү күнгө чейин биз туюк өлкөдө жашап келе жатабыз. Темир жолубуз да, авто жолдорубуз да туюк. Анан, албетте, экспорт-импортто баарынан көз карандыбыз. Мына ушул жолду салууда биз чет өлкөлүк адистердин жардамына муктажбыз. Өзүбүз салабыз деп олтура берсек, адистерди даярдоо үчүн ондогон жылдар кетет. Убакытты күтүп олтурбастан курулушту баштадык. Күтүп олтура берсек дагы ондогон жылдарга кошуна өлкөлөрдөн артта калабыз. Албетте, бул жолдун бүтпөй калышына кызыкдар күчтөр көп", — деди Жапаров.
Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин менен жолугуп, өлкөдө жүргөн кытай жарандарынын мыйзамдарды сактоосу боюнча сүйлөштү. ИИМдин маалымат кызматынан билдиргендей, жолугушууда Кыргызстанда жүргөн кытай жарандары коомго урмат-сый менен мамиле кылышы керек экени айтылган. Ошондой эле тараптар кытай жарандарынын мыйзам бузуусун алдын алуу боюнча сүйлөшүшкөн. Бул үчүн элчилик жарандарына мыйзам сактоонун зарылдыгы жөнүндө байма-бай айтып, алардын укуктук сабатын арттырууну сунушташкан. Мындан сырткары, өлкөнүн салт-санаасына, маданиятына жана коомдук тартибине урмат-сый менен мамиле кылуу зарыл экени белгиленген.
Кыргызстанда жарандар эми никени каттоого арызды "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн бере алышат. Бул тууралуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесинен билдиришти. Маалымдалгандай, арыз берүүчү "Түндүк" тиркемесинен "Никени каттоо" кызматын тандап, болочок жубайынын жеке идентификациялык номерин киргизет жана Face ID аркылуу өздүгүн ырастайт. Андан кийин экинчи тарапка билдирүү жөнөтүлөт. Ал маалыматтарды текшерип, макулдугун берип, Face ID аркылуу идентификациядан өтөт. Эки тарап тең арызга электрондук кол тамга менен кол койгондон кийин документ автоматтык түрдө Жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн маалыматтык системасына жөнөтүлөт. Арыз каралып бүткөндөн кийин жыйынтыгы тууралуу билдирүү "Түндүк" тиркемеси аркылуу жөнөтүлөт. Жаңы санариптик кызмат мамлекеттик кызматтарды алууну жеңилдетип, убакытты үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берери белгиленди.
Ысык-Көлдүн Бает айылында өтө турган Formula 1 H2O Grand Prix of Kyrgyzstan – Issyk-Kul 2026 эл аралык жарышынан улам Балыкчы — Ананьево — Каракол трассасында жол кыймылына маал-маалы менен чектөө кирип турат. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди. Мелдеш 30-июлда башталып, 2-августта жыйынтыкталат. ЖКККББ айдоочуларга мүмкүн болсо көлдүн түштүк жээги аркылуу өткөн Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол жолун пайдаланууну сунуштады.
Жаңылыктар түрмөгү
0